Бишкекте Акүй алдына бир нече жарандык активисттер чогулушту. Алар ЖККУнун жардамы алкагында Казакстанга аскер жиберүүгө каршылык билдиришти.
"Кыргыз - казак бир тууган", - деп кыйкырган акциянын катышуучулары ЖККУнун курамынан Кыргызстандын чыгышын талап кылышты.
Эске салсак, Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев өлкөсүндөгү митингди токтото албай, абалды тынчтандыруу үчүн ЖККУдан куралдуу күч сураган. Анын суранычына Россия менен Белорусиянын макул болгону айтылууда. Ал эми Кыргызстан бийлиги бул маселени жабык эшик артында кароодо. Митингчилер кыргыз парламентинен туура чечим кабыл алууну талап кылышты.
"ЖККУнун күчү сырткы агрессияга карата гана пайдалынышы керек. Казакстанда учурда болуп жаткан окуялар - бул алардын ички иши. Ага кийлигишүүгө эч кимдин акысы жок", - дешти митингчилер.