Печать
Категория: Коом
Просмотров: 106

    Урматтуу  мекендештер! 

Сиздерди  2022 - Жаңы жыл майрамы менен чын жүрөктөн куттуктаймын!
2021-жылы  өлкөбүздө көптөгөн саясий, экономикалык өзгөрүүлөр орун алды. Шайлоолорду өткөрдүк, экономикалык реформалар ишке ашырылууда, пандемия  менен дагы деле күрөшүп жатабыз. Өлкөбүз акырындап, бирок ишенимдүү түрдө өнүгүү жолуна багыт алды. Жаңы жылга  көптөгөн максат, милдеттер  белгиленди. 
Жаңы жылда Жогорку Кеңештин жаңы шайланган  7-чакырылышы  элдин, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн натыйжалуу иш жүргүзүп, өлкөбүздөгү экономикалык, социалдык өнүгүү процесстерине мыйзамдык, укуктук жактан өз салымын кошуп,  шайлоочулардын ишеним, үмүттөрүн актайт деп ишенемин.     

Кымбаттуу мекендештер!

елаткан жолборс жылында ар бириңиздерге жолборстукундай күч, кайрат  каалайм! Жаңы жылда ар бир үй-бүлөдө аманчылык, бакубатчылык, байгерчилик болсун! Өлкөбүздө тынчтык, туруктуулук,  эл ичинде ынтымак орун алып, Мекенибизде өсүп өнүгүү болсун! Жараткан жаңы жылда элибизге жакшылыктарды насип этсин! 
 

Майрамыңыздар менен!