Печать
Категория: Коом
Просмотров: 111

Кыргыз Республикасынын
Башкы прокурору К. Зулушевге 

Бишкек шаары, Көк-Жар кичи району
Кулмырзаев көчөсү, № 227 үйүнүн
тургуну О.Омуралиевден
Тел.: 0(778)148-016

                                                                               Урматтуу Курманкул Токторалыевич!

1960-жылдан баштап Жумгал, Нарын, Калинин райондорунда прокуратура органдарынын тергөөчүсү, 1964-1996-жылга чейин Кемин, Ала-Бука, Токтогул, Кара-Суу райондорунда, Таш-Көмүр шаарынын прокурору Республикалык прокуратуранын тергөө башкармасынын начальниги болуп иштеп пенсияга чыккам.
Иштеп турган мезгилимде Ала-Бука, Токтогул жана Кара-Суу райондорунда прокуратуранын имаратын салышка туура келди. Аны салышка участок ээн жерлерден берилип, курулган контораларды, прокуратуранын иш кагаздарын өрттөн, уурдоодон сакташ керек деген проблемалары пайда болду. Себеби ал кезде прокуратура органдарына прокуратуранын имаратын кайтарууга охранник, дворник же комендант деген штат берилчү эмес. Кызматкерлердин үйүнө да каражат бөлүнчү эмес. Ошол себептен мен өз каражатым, күчүм менен конторалардын жанына кызмат үйлөрүн салдым.
Ала-Бука районунун прокуратурасынын жанындагы кызмат үйүнө тергөөчү болуп иштеп жаткан Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу Жоробеков Мамажунусту, ал эми Кара-Суу прокуратурасынын жанындагы кызмат үйүнө тергөөчү Кудайбердиев Абсаматты киргизип койдум. Өзүм болсо ал үйлөр салынып бүтө электе кирген жеке квартираларда жашап турдум, себеби ал үйлөргө кирсем райондо мен жөнүндө туура эмес пикирлер пайда болоору турган сөз эле.
Ал тамдар курулуш эрежелерине толук жооп берген беш комната салынган, чарба, мал асыроого ылайыкташтырылган эле. Ала-Букадагы контора жана кызмат үйүнүн айланасына бир гектардан ашык жерге алма бак тигип өстүрүп, мен ал жерден Токтогул районуна которулганда мөмө бере баштаган. Айлананы жашылдандырыш үчүн контордун жанында мурда жашап, бирок жалаң эчки багып жаткан Козон деген адамдын турак  жайын өз акчама сатып алып, ал адамга мал бакканга ылайыктуу тал- теректүү, мөмө-жемиштүү тамды Ала-Бука районунун күңгөйү айыл жагынан сатып бергенмин.
Ала-Букадагы тамда акыркы кезде райондун прокурору Байбосунов деген адам жашап жатат, ал эми Кара-Суу районунда мурда тергөөчү болуп иштеген Кудайбердиев Апсаматтын баласы Толкунбек деген жигит жашап жатат экен. Атасы жана апасы турмуштан өтүп кетиптир. Ал жигит Кара-Суу базарында соода-сатыкта иштеп жүрүп, Мамлекеттик банктан кредит алып аны төлөп бере албай качып жүрөт экен. Ош областтык райондор аралык соту үч жолу чакырганда келбей койду, мен болсо Бишкектен Ош шаарына үч жолу барып, соттун чечимимн ала албай кайра келдим. Жашым сексенден ашты, ден соолук тамдардан да мурун керек окшойт, кийин бара албай калдым.
Тамдарды өз каражатым, күчүм менен салганымды Ош облустук прокурорунун биринчи орун басары болуп он сегиз жыл иштеген, азыр аман-эсен Бишкекте жашап жаткан Абдраимов Коргонбай, облустук прокурордун кадрлар башкармасынын башчысы болуп иштеген Акжолтоева Айчүрөк, тергөө башкармасынын начальниги Садык Абдылдаев,  Республикалык прокурордун орун басары болуп иштеген Кадырова Сайракан, ошол райондордо партиялык-советтик кызматтарда иштешкен Максымбеков Самат, Чоноров Абдыкеримдер Республикалык прокурорго өз колдору менен жазып далилдешип жатат.
Мындан башка кандай далилдер керек, тамдар турат, ичинде прокуратуранын кызматкери жана кызматкердин баласы жашап жатат. Ушунча жыл өтсө да тамды мен салганмын деген же материалдык кызмат абалынан пайдаланып, мени коркутуп алган деген адам же мекеме болбосо, эмнеге мен соттошот элем деп, Ош облусуна кышы-жайы үч жылдан бери каттап арызданып жүрөм. Жалал-Абад облустук прокурору болсо мага кат жазып, тамды сиз салган экенсиз, азыр биздин кызматкерлер жашап жатат деп, ыраазычылык катын жазып жибериптир. Ал эми Ош облустук прокурорунан андай кагазды ала элекмин.
Республикалык прокуратурадагы абалды коомчулук билет, канчасы кетти, канчасы соттолду сотко кайрыл деген алар үчүн ыңгайлуу болсо керек. Мен тамдарды кайтарып аламын деп мурда прокуратурага кайрылбаганым ырас. Себеби ал кезде партиялык советтик этика деген болот эле. Бул буюмду, имаратты кантип сатып алдың деген пикир дайыма сакталып турчу. Республикалык прокурор болуп Асанбек Шаршеналиев иштеген мезгилде ага оозеки кайрылсам, (1966–2000-жж.) мына чечебиз деп созуп жүрдү.
Көрсө ал өзүнүн проблемасын чече албай жүрүптүр. Кийин билип калдык. Республикалык прокуратуранын Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында кызматкерлер дем алуучу үйдү жеке менчигине алып кетиптир. Кийинки прокурорлордун үчөөсү соттолушту, төртөө кызматтарынан четтелишти. Менин эмгегим, мээнетим ушул күнгө чейин чечилбей келе жатат.
Токтогул районуна Ала-Бука районунан которулуп кышында келсем, прокуратуранын имараты да жок экен, район жаңы жерлерге которулуп жатыптыр. Мени үй-бүлөм менен райондук партия комитетинин ошол кездеги биринчи катчысы Сыдыков Матен раисполкомдун төрагасы Козубеков Азим экөө жаңы төрөлгөн балдарга сүт берилүүчү имаратка киргизип коюшту, анда молочная кухня дешчү.
Жашап турган мезгилде райондук больницанын башкы врачы Мадиярова деген адам обкомдун биринчи катчысы С.Ибраимовго арызданыптыр. Ошол мезгилде кыска мөөнөттүн ичинде мен өзүмө там салып алдым. Бүтөөр замат мени Кара-Суу районуна которуп салышты. Менин тамыма райондук айыл чарба башкармасында башкы aгpoном болуп иштеп, Токтогул ГЭСинин курулушуна карандай каршы болуп чыгып, эски суу астында калып жаткан жериндеги тамынан көчпөй койгон Пономарев деген адамды көчүрүп киргизген. Себеби, анын эски тамына суу жакындап 10 метр калыптыр, баарыбыз жооп беребиз, сага кийин там беребиз деген. Ошентип мен тамымдан айрылдым.
Матен Сыдыкович кийин Нарын облисполкомунун төрагасы, анан облустук партия комитетинин биринчи катчысы болуп иштеп, акыры пенсияга чыгып кетти. Республикалык прокуратуранын тургузулган тамдарга чыгым болгон курулуш материалдардын баасын өндүрүп алыш үчүн сот органдарына кайрылыңыз деген сунушунан кийин сот органдарына да кайрылып көрдүм. Ишти караган coттор коррупцияга күрөш күчөп жатканда сизге биз мамлекеттик мекемелерден мүлк өндүрүп берилсин деп чечим чыгарсак, ал жердеги коомчулук бул сөзсүз коррупция аркылуу болду деп түшүнөт. Мындай нерсе жергиликтүү жана регионалдык мамлекеттик органдарга жетет, ошондон кийин биз кайсы жерден иштейбиз деп чечим чыгарбай жатышат. Республикалык прокуратуранын кызматкерлери имараттарда жашап жаткандыктан, сиздин чыгымдарды төлөп берүүнү прокуратура органынын жетекчиси өзү чечиш керек дешти. Ушул адам аталган тамдарды аргасыздан салган экен, тамдардын ээси ушул адам деп чечим чыгарбай олтурушат. Пенсияга 1996-жылы чыкканда элге, журтка жасаган эмгегимди баалап, Октябрь райондук администрациясы райондун ардактуу адамы деген наам беришкен. Сегиз балам, жыйырмага жакын небере, чеберелерим бар. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн салынып жаткан имараттардан эки комнат квартиранын ордерин берсеңиз, калыстык болот эле деп ойлоймун.
Прокуратурада иштеп жүргөн мезгилимде кызматтык сыйлыктардын ээси болуп, эч бир жаза алган эмесмин. Мени менен иштешкен тергөөчүлөр Кенжакунов М., Сыдыков А., Бакиев К Республикалык прокурордун орун басарларына чейин көтөрүлүштү.
Райондук прокурор кызматында жүрүп кызмат үйлөрүн кайсы каражатка салды деген пикир бар көрүнөт. Менин атам Чаргынов Омуралы чоң кетмен мээнет адамы болгон. Ал согуш жылдарында Боом капчыгайында темир жол салууга башынан аягына чейин катышып, көптөгөн сыйлыктардын ээси болуп жүргөн. Прокуратурада иштеп турганымда атам мени менен болду, биз мал багуу бизнеси менен жүрдүк. Менин колуман мал үзүлгөн эмес. Малдарды мен иштеген райондун шаардын белгилүү адамдары сурап сатып алышчу, себеби алар ошондой сапаттагы малдар эле, текшерсеңиз айтып берем, айрымдары ушул Бишкек шаарында жашашат.
Калинин районунда иштеп турганымда, ал жерге бир там, Кемин районуна бир там салып алганбыз. 1970-жылы Ала-Бука районуна которушканда, ал тамдарды сатышка туура келди, себеби мени түндүктөн түштүккө которушту. Сатпаганда тамдарды ким карамак эле. Саттым, каражат болду, каражатсыз жүргөн жокмун.
1996-жылы пенсияга чыкканымда Бишкек шаарынын Көк-Жар кичи районунун Кулмырзаев көчөсүнүн 227 үйүндө, б.а. шаардын М.Горький Алма-Ата көчөлөрүнүн бурчунда турганымда менин колумда жүздөн ашык кой, эки бээ, эки саан уй төлдөрү менен болду. Бул чындык экенин коңшулардан сураштырып билсе болот. Сизден башка ишеним калбай калды. Жалал-Абад облустук прокурорунун катынын көчүрмөсүн тиркеймин.

Омуралиев О.
тел: 0778148016

Булак: "МАЙДАН.kg" гезити