Элибизде жыл гороскопто кандай аталса, коомдогу ал-акыбал ошол жаныбардын мүнөзүнө жараша болот деген түшүнүк бар. Акыркы күндөрү өтүп бараткан жыл - уй жылы. Баалардын өсүп кеткени эле болбосо, 2021-жыл уй маарек жыл болду. Адилеттик үчүн айтсак, баалар баардык өлкөлөрдө эле өсүүдө, бирок ЕБРРдын (Европадагы реконструкция жана өнүктүрүү банкы) талдоосуна ылайык, КМШдагы башка республикаларга салыштырганда Кыргызстанда баалардын өсүшү жогору. Эмне себептерден улам андай болуп жатат, ал өзүнчө маселе, жылдар тогошуп жатканда жакшы нерселер жөнүндө гана айтсак, негизинен 2021-жыл Кыргызстан үчүн ийгиликтүү жылдардан болду, аны эзелтеден, жогоруда айткандай, уй маарек деп коюшат, ал жоош, көтөрүмдүү, сабырдуу, берекеси артпаса да каатчылыгы жок дегенди билдирет. Алар эмнеден көрүнөт?
Саясий жаңыча жолго түштүк
2021-жылы Кыргызстан саясый жактан жаңы жолго түштү. 10-январда Президенттик шайлоо өткөрүлүп, анда Садыр Жапаров шайлоочулардын 80 пайыздан ашык добушун алды. Кызматка киришери менен 5 жарлык чыгарса, анын биринчиси руханий дөөлөттөрдү коргоп, өнүктүрүп, жарандардын дене-тарбиясын чыңдоону жакшыртуу болду. 11-апрелдеги жалпы элдик добуш берүүдө жаңы Баш мыйзам кабыл алынып, Кыргызстанга күчтүү президенттик башкаруу киргизилди. Перманенттик башаламандыктардан, сүрүшүп, тирешүүлөрдөн, чыр-чатактардан тажагандар аны басымдуу көпчүлүк добуш менен колдошту. 28-ноябрдагы парламенттик шайлоо да президенттик шайлоодой эле таза өттү. Мыйзам бузгандарды бийлик аябады, үгүт иштери жүргүзүлүп жатканда 1 аким, 1 ректор, дагы бир катар майда чиновниктер иштен алынгандан кийин административдик ресурс деген шал болуп калды. Бизде мурда шайлоо деген “каруселдер”, добуштарды сатып алуулар, бурмалоолор, анан алардан келип чыккан тополоңдор, кагылышуулар, саясый төңкөрүштөр менен ассоциациялашып келсе, бул жылдагы шайлоолордо андай болбоду.
Айрым округдарда мыйзам бузуулар болгондугу жөнүндө жазылды, айтылды. Алардын кээ бирлери гана ырасталса, көбү далилденбеди, утулгандардын, аларга жан тарткандардын ич күптүлөрүнөн жаралгандар болуп чыкты. Бир мандаттуу округдардан эки жерде “Баардыгына каршы” деген көпчүлүктү түзүп, кайра шайлоо өткөрүлгөнү жатат. Бул дагы мурда кездешпеген көрүнүш. Демек, элде да саясий аң-сезим кыйла өскөндүгүнөн кабар берет.
Ошентип, саясый өңүттөн алганда Кыргызстан бул жылда сезилерлик жылыш жасады же тазалануу жолуна түштү. Бул демократияны, жарандык коомду өнүктүрүп, укуктук мамлекетти куруудагы чоң жеңиш болуп эсептелет.
Кризистин сормо сазынан чыга баштадык
Пандемия башталганда көптөгөн өлкөлөрдөй эле Кыргызстан да экономикалык кризистин сормо сазына түшө баштаган. 2020-жылы экономикабыз 8 пайызга жакын артка кеткен. Ал көрүнүш эки жылга созулуп, эми гана кайра өсүү жолуна түшө баштадык. Өткөн 11 айдын ичинде өлкөнүн ички дүң жыйымы 2,4 пайызга өстү, жалпы көлөмү 625 миллиард 818,8 миллион сомго жетти. Өлкөнүн ички дүң жыйымы сентябрдан бери өсүүдө. Дүң жыйымдын планга карата аткарылышы өткөн жылы 92,7 пайызды түзгөн. Эл аралык финансы институттардын божомолдорунда, Кыргызстандын быйылкы жылды экономикалык 3 пайыздык өсүү менен жыйынтыктоого мүмкүнчүлүгү бар.
Мындай өсүштөрдү негизинен тейлөө тармактары берди, бул жааттагы өсүш 6,1 пайызга жетти. Өндүрүштүк чөйрөдө “Кумтөрдү” кошпогондогу өсүш 15,9 пайыз, аны кошкондогу артка кетүү былтыркыга салыштырганда быйыл 1,4 пайызды түздү. Кайра уюштурууларга, “Центерранын” эл аралык айрым институттары аркылуу жасаган шантаждарга байланыштуу алтын өндүрүүнүн көлөмү былтыркыга салыштырганда азайып кетти.
Он бир айда бюджеттин киреше бөлүгү 162 миллиард сомду түздү же өткөн жылга салыштырганда 46,8 миллиард сомго көп болду. Анын 118,8 миллиард сому алык-салыктардан жыйналды, планы толук аткарылды, бул өткөн жылга салыштырганда 37,3 миллиард сомго көп. Бажы кызматындагылар 41,4 миллиард сом чогултушту, бул өткөн жылга салыштырганда 15,9 миллиард сомго көп. Салык эмес төлөмдөр 11,1 миллиард сомго көп түшүрүлүп, жалпы көлөмү 36,5 миллиард сомду түздү. Республиканын бюджети 11 айда 334 миллион сомдук профицит менен чыкты.
Баалардын, импорттун өскөнү тынчсыздандырат
Экономикада жылыштар бар, орточо айлык 20 миң сомго жакын болду. Саламаттыкты сактоо, маданият тармактарында иштегендердин маяналары, пенсиялар көбөйтүлдү, социалдык жөлөк пулдар 50 пайызга жогорулатылды. Айрым түрлөрү келерки жылдан 200 пайызга жогорулатылат. Бирок, баалардын өсүшү, инфляция алардын көбүн жокко чыгарып жиберүүдө. Экономикасы күчтүү өлкөлөр айлыктарды, пенсияларды, жөлөк пулдарды инфляцияга жараша жыл сайын индексациялап турушат. Россия жаңы жылдан аларды кайра эсептеп чыгат, бирок Кыргызстанда андай мүмкүнчүлүк болбогондон улам айлык, пенсия, жөлөк пулдарды долларга карата эсептегенде алардын сатып алуу жөндөмдүүлүктөрү көбөйбөй эле азайып бараткандыгы чындык. Маселен, мындан 5-6 жыл мурда бир адам 5-5,5 миң сомго пенсияга чыкса анын 100 долларлык күчү болгон. Андан бери анын пенсиясына жылына 300-400 сомдон кошулуп 7-7,5 миң сомго жетсе, реалдуу күчү 85-90 доллар болуп жатпайбы. Андан бери товарлар эң кеминде 20-30 пайызга кымбаттаганын эске алганда, көпчүлүк адамдардын кирешелери көбөйбөй эле азаюуда.
Сомдун курсу бекем кармалып, баалар өспөй туруусу үчүн импорттон экспорттун көп болуусу зарыл. Анткени, импорттук товарлардын дээрлик баардыгы долларга сатылып алынат, экспорттук товарлар да долларга сатылат. Он бир айдын ичинде тышкы соода жүгүртүү 5 миллиард 738,5 миллион сомго жетип, 21,2 пайызга өстү, анын 5/1 бөлүгү же 1 миллиард 347,8 миллион доллары гана экспорттук болсо, калган 4 миллиард 390,76 миллион доллары импорттук болуп саналат. Өткөн жылга салыштырганда импорттун 43,7 пайызга өскөндүгү тынчсыздандырарлык көрүнүш. Келерки 2022-жылда экспорт көбөйбөсө, инфляция дагы 10-11 пайызга өсүшү мүмкүн.
Жолборс жылынан күткөндөрүбүз
Кыштын, жаздын жеңил болбосун Өкмөт өзү мойнуна алууда. Эгерде инфляция ооздукталбаса, калктын басымдуу көпчүлүгүнүн реалдуу кирешелери азая берет. Ал ансыз деле элдин социалдык жактан аярлуу катмарына катуу тийет. Ири көлөмдөгү өнөр жай өндүрүшүн кескин жандандырмайынча жумушсуздук, миграция, инфляция азайбайт. Жакында Президент Шавкат Мирзеёв Сеулга мамлекеттик сапар менен барганда Түштүк Корея Өзбекстандын экономикасына 9 миллиард долларлык инвестиция салгандыгын, жакынкы жылдардын ичинде дагы 7 миллиард долларлык инвестиция жумшаганы жатканын билдирди. Азыр Өзбекстан менен Түштүк Кореянын биргелешкен 1 миңден ашык ишканасы бар. Бизге деле 2019-жылы Кытай, Россия менен жалпы көлөмү 13 миллиард долларлык инвестицияларга колдор коюлган. Бирок, ал долбоорлор негедир ишке ашырылбай жатат. Сырттан ири өлчөмдөрдө инвестициялар тартылмайынча, экономикабыз ишенимдүү өнүгүү жолуна түшпөйт.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылдын консолидацияланган кирешеси 400 миллиард сомго жетээрин же быйылкыга салыштырганда эки эсеге жакын көбөйөрүн билдирген. Эгерде ири тоо-кен байлыктары өздөштүрүлүп, чоң-чоң ишканалар курулуп, көмүскөдөгү экономика ачыкка чыгарыла баштаса, аны ишке ашырса болот. Ансыз ордунда тегеренген аттай болуп, 3-4 пайыздык өсүштөн чыкпай отура беребиз. Ал эми 30 жылда жоготулгандарды эселеп, кошуналарга теңелүү үчүн бизге 7-10 пайыздык өсүш талап кылынат. Кыргызстан 2010-жылы 16,4 пайыздык өсүшкө чыкканда аны ыйманы жок басмачы “временшиктер”, аттары өчкүр мародерлер, эшик-терезелерди талкалап, сейфтерди тоногуч каракчылар жок кылышкан. Ошондон бери мамлекет өнүгүү жолуна түшө албай, элдин жашоо тиричилигин сезилерлик жакшырта албай онтоп гана келатат.
Президент 2022-жылды “Тоолор жылы” деп жарыялоо жөнүндө демилге көтөрдү эле, аны ЮНЕСКО колдоду. Демек, жолборс жылы ушул эгиданын алдында өтөт. Биринчи качкын президенттин тушундагы “Тоо жылынан” мунусу эмнеси менен айырмаланат, анысын билбейбиз, бирок улуттук адабиятка, маданиятка да жетиштүү көңүл бурулбаса, алар кыйроо абалына жакындап калды. Сырттары тургандай көрүнгөн менен ичтери көңгөй. Ошондуктан кийинки жылдарда мамлекеттик тилди өнүктүрүп, колдонулуу чөйрөсүн кеңейтүүгө, улуттук адабиятты, маданиятты, архитектураны, пластикалык искусствону өнүктүрүүгө да негизги басым жасалуусу керек.
“Токойдун арасында туруп, отунга жарыбайт”- дегендей, Кыргызстандын суу энергетикалык ресурсу 140 миллиард киловатт сааттан ашык. Анын 10 пайызын советтик мезгилде өздөштүрүп, электр энергияларын сатчу элек, андан бери бир да ГЭС курбагандыктан керектөөлөр өсүп, кымбат бааларда сырттан электр энергияларын сатып алуудабыз. Керектөөлөр болсо жылдан жылга өсүүдө. Чоң ГЭСтерди курганга кудуретибиз жетпейт. Чакан, майда ГЭСтерди курууну көбөйтмөйүнчө, электр энергияларынын таңсыктыгы жылдан жылга көбөйүп отуруп катастрофалык чекке жакындоосу мүмкүн болуп баратат. Ошондуктан “Тоолор жылында” майда ГЭСтерди курганга негизги басым жасалса деген ойду айткыбыз келет. Ар район 2-3төн чакан же майда ГЭС курса, электр энергияларынын таңсыктыгы эң кеминде 50-60 пайызга азаймак. Болбосо кийинки жылдарда тезек тере баштайбыз.
“Айта берсе, арман көп”- дегендей, көйгөйлөр көп. Жолборс күчү ашып-ташкан, каары да ашкан күчтүү жаныбар. Эң негизгиси, келерки Жолборс жылы жоош, берекелүү, кирешелүү жылдардан болсун. Ырыс алды - ынтымак, ийгиликтин кепили - биримдик, тынчтык. 2022-жылда тынчтык болсо экен. Россия менен Украина кагышып кетсе, рубль аңга кулайт, мигранттарыбыздын кирешелери кескин азаят, кыйынчылыктарын биз да кошо тартабыз. Келерки жылда кудай ошондой геосаясый апааттардан сактасын!
Булак: "МАЙДАН.kg" гезити