Печать
Категория: Коом
Просмотров: 184

Саналуу күндөрдөн кийин жаңы 2022-жылдын каалгасын ачабыз. 2021-жыл эсибизде эмнелери менен калды? Жеңиши да, күйүтү да, тапканы да, жоготкону да көп болгон бул жылдын негизги айрым окуяларын тизмеледик. 

Январь 

Жылдын башы президенттик шайлоо менен башталды. Аяздуу январдын алгачкы күндөрүндө өлкө президентин шайлады. Аны менен катар мамлекеттик башкаруу багытын жалпы элдин тандоосуна койгон референдум өттү. Жыйынтыгында, 17 талапкер ат салышкан президенттик шайлоодон Садыр Жапаров 79, 23 пайыз добуш алып жеңип чыкты. Ал эми референдумга добуш бергендердин басымдуу бөлүгү президенттик башкаруу формасын тандап алышты. Ошону менен жаңы жылга Кыргызстан президенттик башкаруунун алдында жаңы шайланган президенти менен чогуу кадам таштады. 

Февраль 

Ай Башкы прокуратуранын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы дары-дармек каражаттары Департаментинин ишмердүүлүгүн текшерип, сегиз кылмыш ишин ачканы менен башталды. Бул жааттагы буга чейин белгисиз болуп келген бир топ былыктар ашкереленип, коррупциялык схемаларга бөгөт коюлду. Ошондой эле, айрым аткаминерлердин пандемияга даярдык көрүүдөгү жоопкерчилиги каралды. Жалпысынан, коронавирус илдетине каршы туруу боюнча иш чараларды жүргүзүүдө алашемдикке жол бергендерге 14 кылмыш иши ачылды. Анын негизинде мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев камакка алынды. 
 Мамлекеттик кызматтарды оптимизациялоо аракети ишке кирди. Президент Жапаров чакан Кыргызстанга 48 министрлик, комитеттер, агенттиктер жана башка мекемелер өтө элек көптүк кылаарын жарыялады. Ошондуктан, алардын саны 12ге кыскарды. 
Премьер-министрликке Улукбек Марипов дайындалды. Кайрадан өкмөт курамы жаңыланып, коомчулукта дайындалган кадрларга сын менен кошо кубаттоо айтылып жатты. 
Февралдагы дагы бир жаңылык – “Раим-миллион” атка конгон Раимбек Матраимовдун айыбын моюнуна алып, мамлекетке 260 миң сом айыппул төлөгөнү болду. 

Март 

Спортчу Айсулуу Тыныбекова Украинанын Киев шаарында өткөн эл аралык турнирде алтын медаль алды. Финалда украиналык спортчу Илона Прокопевнюк менен беттешип, аны 9:7 эсебинде утуп алды. Балбандар Мээрим Жуманазарова менен Узур Жусупбеков дагы бул турнирден  алтын медаль тагынып кайтышты. Ал эми Айпери Медет кызы менен Жоломан Шаршенбеков күмүш медалга татыктуу болушту. Жалпысынан кыргыз спортчулары 13 медаль менен кайтышып, кыргыз элине кубаныч тартуулашты. 
Кыргызстандагы Финансы полициясы жоюлду. Ага ылайык буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Буга себеп катары көмүскө экономика 130 миллиард сомду түзөөрүн, а бул Финполдун өз функцияларынын жетиштүү түрдө аткара албай жатканынын далили экенин айтышты. 

Апрель 

Айдын башы коомчулукту дүрбөлөңгө түшүргөн окуя менен коштолду. Бишкек шаарынын тургуну Айзада Канатбекова тааныш жигити тарабынан уурдалып, бир нече күндөн кийин шаар четиндеги талаалардын биринде токтоп турган автоунаанын ичинен экөөнүн сөөгү табылды. Кыздын уурдалганы тууралуу кабар өз убагында жеткенине карабай, тиешелүү чараларды көрбөгөндүгү үчүн Бишкек ШИИБинин жетекчиси Матмусаев баштаган 11 милиция кызматкери кызматынан алынышты. 
Жаңы Конституцияны парламент депутаттары колдоп беришти. Адаттагыдай эле аны нааразы болгон жана ыраазы болгон тараптар сындап, кубатташты. 
Апрелдин соңу Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы мурда болуп көрбөгөндөй катуу жаңжал менен жыйынтыкталды. Жаңжал куралдуу кагылышууга өтүп, тажиктер кыргызстандыктардын бир нече үйүнө өрт коюуга жетишишти. Мындан улам чек ара аймагына жакын жайгашкан айылдын эли эвакуацияланды. Кейиштүүсү, куралдуу кагылышуу адам өмүрүн алды. Отуздан ашуун кыргыз жараны шейит кетип, жүздөн ашуун жаран жабырланды. Каза тапкандардын арасында 12 жаштагы Мадина да бар болчу... 

Май

2-майдан тартып кыргыз-тажик чек арасындагы абал жолго коюлуп, эки тарап макулдашууга келишти. Өз үйүнөн качып кетүүгө аргасыз болгон кыргыз жарандары кайра турагына кайтып барышты. Бүт өлкө жаңжалдан жабыркагандарга жардам колун сунду. Ар кайсы аймактардан Баткенди көздөй гуманитардык жардамдар агылып жатты. 
Мына ушундай учурда жаңы Конституция кабыл алынды. Конституциянын күнү болгон 5-майда президент Садыр Жапаров кол койду. 
Бул айда “Кумтөр” боюнча иш жанданып, алтын кенин Кыргызстан өзүнө алууга аракеттерин чечкиндүү жасап баштады. Ишканага тышкы башкаруу киргизилип, жетекчилигине Теңгис Бөлтүрүк дайындалды. Сот канадалык компанияны дагы 2,1 миллиард сом төлөөгө милдеттендирди. Аны менен катар “Центерра” Теңгис Бөлтүрүктү сотко берди. Алтындын айланасындагы тынымсыз кармаш күч алды. 
 
Июнь 

Июнь “Сапат” билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инандынын табышмактуу жагдайда жоголушу менен башталды. Автоунаасында бараткан жеринен изи табылбай дайынсыз кеткен жетекчини жалпы коомчулук издеди. Тийиштүү кызматтардан Инандыны табууну талап кылган митингдер өттү. Бир канча убакыттан кийин Инанды түрк атайын кызматы тарабынан уурдалганы, Түркияга жеткирилгени жана ал жактан ага айып тагылып, абакка камалганы белгилүү болду. 
Кыргыз коомчулугу кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууну эл аралык аренага чыгарып, тажик тараптын кылмыштуу аракеттерин шардана кылууга аракеттерин улантышты. Кыргызстандык юристтер Эл аралык кылмыш сотуна Тажикстандын чек ара конфликтиндеги аракетин иликтөө өтүнүчүн жолдошту.  
“Кумтөр” боюнча ачылган кылмыш ишинин катары калыңдап, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы аракеттерге барды делген бир катар мурдагы аткаминерлер сурак берди. Айрымдары камакка алынды. 

Июль

Венгриянын Будапешт шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча Чемпионатта кыргызстандык балбандар Раззак Бейшекеев менен Нуристан Сүйөркулов алтын медаль алып, кыргыз желегин дагы бир жолу желбиретишти. 

Август 

2-августта мурдагы президент Аскар Акаев 2005-жылдагы революцияда качып кеткен бойдон, туулган жеринин топурагына биринчи жолу бут койду. Акаевдин келишин коомчулук ар түрдүү кабыл алды. Кыргызстандын ушул акыбалга келишине аны айыптагандар траптан эле камакка алууну сунушташса, аз-маз тарапташтары Акаевдин мыкты башкаруучу болгонун далилдөөгө аракет кылышты. Мурдагы президент Кыргызстанга “Кумтөр” иши боюнча сурак берүүгө келгени жана анын “аман-эсен” Москвага кайтып кетиши Путин тарабынан кепилдендирилгени да көп өтпөй белгилүү болду. 
15-августта “Талибан” (Кыргызстанда тыюу салынган) кыймылы Афганистандын Кабул шаарын басып алып, өзүнүн толук кандуу башкаруусун орнотту. Качкандар качты, качпагандар тагдырына баш ийип, жаңыча жашоого бет алышты. Баарынан үрөй учурганы афгандардын учактын канатына жармашып болсо да, мекенинен чыгып кетүүгө бел байлаганы болду. Мындан улам, кыргыз коомчулугу тамаша айтууга да жетишти: “Үч революция болду, беш президент алмашты. Бизди учактын канатына жабышууга аргасыз кылбаганыңарга рахмат”. 
Токиодогу Олимпиадада Кыргызстан үч медалга ээ болду. Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов күмүш, ал эми Мээрим Жуманазарова коло медаль алышты.

Сентябрь

Парламенттик шайлоо ноябрь айынын соңунда өтөөрү белгилүү болду. Саясатчылар жана саясатка активдүү аралашууну каалагандар сентябрь айын “түнөгүн” издөө менен соңуна чыгарышты. Саясатчылардын кимиси ким менен бириккени, кайсы партиялар шайлоого чогуу бараары байма бай айтылып жатты. Эзели элдешкистей көрүнгөндөр табышып, пикири келишпегендер бир партияга биригишип, сентябрь ынтымакташуунун айына айланды. 
Аны менен катар коррупцияга каршы күрөш толук нугунда жүрүп жатты. “Кумтөр” ишине кириптер болгондор жана мамлекеттин казынасын уурдагандар чекесинен “кусуп”, кымыргандарын кайтарып берүү менен алектеништи. 

Октябрь

Парламенттик шайлоонун үгүт иштери башталды. Жарымы партиялык, жарымы бир мандаттуу болгон пропорционалдык шайлоо системасы биринчи жолу жүз берди. Партиялардын тизмесин жана бир мандаттуу округдарга талапкер болгондорду карап, Кыргызстанда жалкоолор гана депутат болууга умтулбайт окшойт деген туюм калды. Президент Садыр Жапаров мурда болуп көрбөгөндөй таза шайлоо өткөрүүнү убадалады. Мурдагы административдик ресурс колдонулбай турганы, добуш сатып алууга жоопкерчилик каралаары белгиленди. Бул айтылгандарды олуттуу кабыл албаган айрым мамлекеттик кызматкерлер тез эле чындыкты таанып билишти, үгүт иштерине аралашканы үчүн бир канча мамкызматкерлер кызматынан алынды. 

Ноябрь 

Парламенттик шайлоо тынч өттү. БШКнын сервериндеги мүчүлүштүктөрдөн улам добуштар кол менен саналып, анын жыйынтыгында алты партия парламенттен орун алды. Биринчи орун “Ата-Журт Кыргызстан” партиясына тийсе, анын артынан “Ынтымак”, “Ишеним”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” келди. Күнү-түнү жүрөктөрү дүкүлдөп, парламентке өтөөр-өтпөшүнө тынчсызданган жайнаган талапкерлердин акыры жаны жай алды. Кээ бири депутат болооруна, ал эми айрымдары болбой калганына... 

Декабрь 

Жыл соңунда кайрадан Акаев темасы көтөрүлдү. Мурдагы президент дагы бир жолу дагы да ошол эле “Кумтөр” маселеси менен Кыргызстанга келди. Бул сапары ал үчүн ийгиликтүү болду, буга чейинки тагылган айыптардан кутулуп, таптаза болуп, жеңил гана Москвага учуп кетти. 
Бул кабарлардан сырткары кыргызстандыктардын жашоосу бул жылы кайсы бир деңгээлде оордошту. Азык-түлүктөргө болгон баанын ылдамдык менен кымбаттап отурушу, күйүүчү майдын баасынын жогорулашы буга себеп болду. Кымбатчылык эл аралык рыноктогу баалардын көтөрүлүшү менен түшүндүрүлдү. Мындай абал бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнө өлкөлөрүндө болуп жатканы маалым. Бийлик тең салмакты сактоого аракет кылууда, пенсия, жөлөкпулдар көбөйтүлдү. Келерки жылы бюджетке караган кызматкерлердин, негизинен медицина менен билим берүү жаатынын өкүлдөрүнүн айлык маянасы көбөйтүлөөрү айтылууда. Башкысы, амандык болсо ар кандай жамандык эртеби-кечпи жеңилет. Жаңы жылыңыздар менен, кыргызстандыктар!


Булак: "МАЙДАН.kg" гезити