- Урматтуу мекендештер!
Сиздерди 2022 - Жаңы жыл майрамы менен фракциянын атынан жана жеке өзүм чын жүрөктөн куттуктаймын!
Өткөн жыл - эгемендүү өлкөбүздүн тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калат. Жаңы тарыхыбыздагы эң таза, ачык президенттик жана парламенттик шайлоолорду, Баш мыйзам боюнча жалпы элдик добуш берүүнү өткөрдүк.
Пандемиялык кыйынчылыктарга карабастан экономикалык эки жылдык артка кетүүнү жеңип, өтүп бараткан жылды 3 пайыздык өсүш менен аяктоодобуз. Элибизде калыс тандоо, таза шайлоо аркылуу эң жогорку бийлик органдарын түзсө боло тургандыгына ишеним кайра жанданды. Өлкөнүн жаратылыш байлыктары, мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрү элдин кызыкчылыгы үчүн иштетиле баштады. Бийлик - эл, коом алдындагы парзын, милдетин толук сезип элдин муктаждыктарын, талаптарын чечүүгө бурулду. Бир сөз менен айтканда, тазаланып, жаңылануунун чечүүчү этабына кирдик. Бул процессти тездетип, кеңейтүү баардыгыбыздын ыйык милдетибиз. Биздин фракциянын депутаттары жаңыланып, кайра жаралуубузду мыйзамдык жактан камсыз кылып, тездетүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшайт.
Кымбаттуу мекендештер!
Келаткан 2022-жыл Чыгыш жылнаамасында - Жолборс жылы. Ал- күчтүн, чечкиндүүлүктүн, ашып-ташкандыктын символу. Бардыгыңыздарга бекем ден соолук, жолборстукундай оргуган жигер кайрат күч, ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди, ынтымак-ырашкерликте байгер бакубат жашоо каалаймын! Асманыбыз тынч болуп, сүйүктүү Кыргызстаныбыз кырмызы туунун алдында гүлдөп өсүп өнүгө берсин!