Печать
Категория: Коом
Просмотров: 50

Бул тууралуу «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын маалымат катчысы Жийде Зоотбекова «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, 15-декабрдан 20-декабрга чейин көмүр казылбайт.

«Элге кесек көмүр 20-декабрдан баштап берилет. Ал эми ЖЭБге жалаң майда көмүр берилет, ал тынымсыз жөнөтүлүп жатат. 3 миң сомдук көмүрдү 20-декабрда берип баштайбыз. Токтоп калган беш күндө кампадагы запас көмүрлөр сатылып турат», — деди Жийде Зоотбекова.

Ошондой эле ал Кара-Кече кенинде көмүрдүн тоннасы 1330 сом менен сатылып жатканын айтып, бааларды Антимонополия кызматы көзөмөлдөй турганын белгиледи.

Булак: Маралфм