Печать
Категория: Коом
Просмотров: 133

Депутат Ирина Карамушкина президентке кайрылып, мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге жана Кой-Таш айылыгындагы 2019-жылдын 7-8-августундагы окуяга байланышкан кылмыш ишин кайра карап чыгууга көрсөтмө берүүсүн өтүндү. 

Бул окуяга байланыштуу ошол жылы эки депутаттын - Ирина Карамушкина менен Асель Кодуранованын кол тийбестиги алынган болчу. Карамушкина мамлекет башчы мыйзамдуулуктун үлгүсү болгусу келсе, Атамбаевге ачылган кылмыш ишин кайра каратуу керек деген пикирин билдирди. 
Кой-Таш окуясы кыргызстандыктардын эсине мыйзамсыздыктын, өзүм билемдиктин жеткен чеги катары калган. Мурдагы мамлекет башчы үйүнө көпчүлүктү, куралданган адамдарды топтоп, мамлекет ичиндеги “мамлекетти” жаратууга аракеттенген. Бирок анын аракети мыйзам чегинде жазасын алып, абакка камалган. Карамушкина мыйзамдуулук жөнүндө айтуудан жадабайт, бирок мурдагы президенттин кандай мыйзамсыз кадамдарга барганын көңүл сыртында калтырып келет. 

Булак: "Майдан.kg" гезити, №38 (522) 15.12.2021-жыл