Печать
Категория: Коом
Просмотров: 142

№8 Төлөйкан шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болгон Нурбек Алимбековдун тегерегиндеги чыр дагы да токтой элек. 

Шайлоо жыйынтыгы боюнча, Алимбеков жеңүүчү деп табылган. Бирок ушул эле округдан депутаттыкка талапкер болгон Шайлообек Атазов Алимбековдун добуштарды 5 миңден сатып алганын, аны талапкердин бир тууган иниси таратканын айтып чыккан. Аны менен катар Атазов БШКга кайрылып, шайлоо комиссиясы өз кезегинде арызды ИИМге жолдогон. 
Ушул эле убакта Нурбек Алимбековдун жашырылган байлыктары калкып чыкты. Буга чейин мыйзамга ылайык, жыл аягында мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар тапшырчу декларациясында 26 мүлкүн жашырып койгону айтылууда. Анын ичинде батирлер, турак-жайлар, имараттар, жер тилкелери, дача жана складдар бар. Азырынча бул тууралуу Алимбеков билдирүү тарата элек. Адаттагыдай эле, калпка чыгарып, мүлктөр тууган-туушканыкы экенин айтабы же чынында эле жалган маалыматпы, алдыда тастыкталаар. 

Булак: "Майдан.kg" гезити, №38 (522) 15.12.2021-жыл