Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 21-октябрындагы № 475 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алсак, Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамынан төмөнкүлөр чыгарылды:

-Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбордук Азия боюнча аймактык директору - Айтен Рустамова;

-Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси - Габриэла Геллил;

-Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси - Оливье Бангертер;

-АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин "Укук булагы" долбоорунун директору - Фред Хьюстон -.

Мамлекет башчысынын Жарлыгы менен Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамына төмөнкүлөр киргизилди:

-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы –Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич;

-Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри – Догоев Дастан Давлетович;

-Кыргыз Республикасынын энергетика министри – Бекмурзаев Доскул Джумагулович;

-Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри – Джаныбеков Аскарбек Сапарбекович;

-Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы – Новиков Артем Эдуардович;

-Евразия өнүктүрүү банкынын директору – Акматов Нурлан Орозбаевич.

Булак:vb.kg