Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн соцтармактагы баракчасына билдирүү жасады.

Президент айыл чарбасына байланыштуу жарлык чыгарган.

Жарлыкка ылайык, дыйкандар менен фермерлер жер салыгынан бошотулат.

"Бул иш аз да болсо сиздерге жеңилдик берүү, дыйканчылыкты колдоо максатында болуп жатат. 2022-жылдын 1-январынан баштап сугат жер, кайрак жер, жайыт жана чөп чабыш жерлерге салык төлөбөйсүздөр. Сиздер төлөй турган салыкты өкмөт республикалык казынадан төлөп турат. Мындан сырткары, келе жаткан жылы дыйкандар менен фермерлерге жылдык үстөк 6 пайыз менен насыяларды бере баштайбыз. Албетте, бир жылда бардык дыйкандар менен фермерлерди насыя менен толук камсыз кыла албайбыз. Буюрса, биздин эсеп боюнча, алдыдагы 3-4 жылда барыңыздарды толук камсыз кылууга жетишебиз", - деп айтылат маалыматта.

"Буга чейин жерлерибиздин көпчүлүк бөлүгү айдалбай, эч нерсе себилбей келген. Мындан ары бир гектар сугат жер болсо да айдалбай калбаш керек. Жергиликтүү бийликтегилер - айыл өкмөт, аким, президенттин облустардагы өкүлдөрү, бул маселеге керт башыңар менен жооп бересиздер. Ошондуктан азыртадан катуу көңүл буруңуздар. "Айыл банк" жана "РСК банк" менен тыгыз иштей баштаңыздар. Тамак-аш коопсуздугу дейбиз. Эгер өз жерлерибизди айдап сеппесек, кайдагы тамак-аш коопсуздугу? Азыр көпчүлүк тамак-ашты импорт кылып жатабыз. Тескерисинче, экспортко чыгарып турганга жетишибиз керек. Ал үчүн мамлекет сиздерге болгон күчүбүздү аябай жардам беребиз. Өз кезегинде сиздер да колуңуздарга тийген насыяны башка жакка жумшабай, максаттуу пайдаланып, мамлекетке жардам беришиңиздер керек", - дейт Жапаров.

Мамлекет башчысы кошумчалагандай, жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомго жетпеген ишкерлер салыктардын бардык түрүнөн бошотулду.

"Соцфонд менен киреше салыгынан башкасы. Жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашса гана салык төгүшөт. Бул дагы төмөнкү катмардагы бизнес менен алектенгендер үчүн өкмөт тараптан материалдык колдоо жана ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү болуп саналат", - деп жазган президент Жапаров.

Булак: vb.kg