Печать
Категория: Коом
Просмотров: 57

Буга байланыштуу дүйнөдөгү лидерлер куттуктоо жолдоп жатышат.

Катчысы Эрбол Султанбаев бул күн президент үчүн кадимки иш күнү экенин билдирди.

«Мамлекет башчысынын бул күнү башка иш күндөрүнөн айырмаланбайт. Садыр Жапаров бул күндү иш ордунда өткөрөт. Пландаштырылган кеңешме жана жолугушуулар кадимки тартипте өтөт.

Кечинде туулган күнүн үй-бүлөсү менен бирге тар чөйрөдө белгилейт», - деди катчы.

***********************

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 6-декабрда Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жоомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Касым-Жоомарт Токаев Садыр Жапаровду туулган күнү менен жылуу куттуктап, бекем ден соолук, бакубатчылык жана бир тууган Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Мамлекет башчылары ошондой эле кыргыз-казак эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу байланыштарды өнүктүрүүнүн абалын жана келечегин, ошондой эле мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

***********************

Бүгүн, 6-декабрда президент Садыр Жапаров Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиеев менен да телефон аркылуу сүйлөштү.

Учурдан пайдаланып, Өзбекстандын президенти президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

Лидерлер эки тараптуу күн тартибин жана кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Шавкат Мирзиеев, Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубатчылык жана албан ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстандын элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады. Ал Садыр Жапаровдун эки өлкөнүн ортосундагы достук жана стратегиялык мамилелерди чыңдоодогу олуттуу салымын белгиледи.

Булак: Баракелде