Анын жүрүшүндө Бакиевдер тууралуу да сөз болот.

«BYPOL» өз иликтөөсүндө хакерлер ээ болгон «ГАИнин» маалыматтарына таянат.

Иликтөөдө айтылгандай, соңку 5 жылда Лукашенкого жалпы баасы 6,18 млн доллар болгон 31 транспорт каражатын белек кылышкан.

«Бул сандар так эмес жана унаалардын чыныгы баасы кымбат болушу мүмкүн», - деп билдирди «BYPOL».

Белоруссиялык олигарх Алексей Олексин — Лукашенкого эң көп унаа берген адам. Ал берген унаалардын жалпы баасы — 2,58 млн доллар. Ал эми Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин келини, башкача айтканда Максим Бакиевдин аялы Айжан Кененбаеванын атынан Лукашенкого жалпы баасы 1,6 млн доллар болгон транспорт каражаттары берилген.

Тактап айтканда, Лукашенко Бакиевдерди өз өлкөсүндө коргоого алуу үчүн зооттолгон «Мерседес Майбах С600 Пульман Гард» унаасын алган. Бул унаа 1 млн 400 миң еврого бааланат. Андан тышкары Кененбаеванын атынан 2018-жылы чыгарылган «Харлей Дэвидсон» мотоцикли берилген. Бул мотоцикл 26,5 миң долларга бааланат.

Ошондой эле олигарх Николай Воробей Лукашенкого 110 миң долларлык «Tesla» унаасын белек кылган. Андан тышкары жалпы баасы 570 миң доллар болгон унааларды берген.

Ошондой эле Лукашенко Юрий Чиж, Сергей Тетерин, Александр Кругленя, Светлана Коношенко, Анатолий Белов, Дмитрий Басков жана Василий Савинден да унаа алганы айтылат.

Алар Лукашенкого унаалардын жаңы моделин же раритеттик унааларды беришкен.

«BYPOL» уюму 2020-жылы октябрь айында белоруссиялык учурдагы жана мурдагы күч органдарынын кызматкерлери тарабынан негизделген.

Булак: Баракелде