2020-жылы республикада зыяндуу шишиктер оорусунун 5 миңден ашуун учуру катталган, алардын 54% ашыгы аялдар жана 46% жакыны эркектер. Муну менен катар, беш жыл аралыгында бул көрсөткүчтүн аялдар арасында жогору тенденциясы сакталып калууда.

Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, 2020-жылы калктын 100 миңине карата аялдар арасында оорунун 88 учуру, ал эми эркектер арасында 75 учур катталды.

2020-жылы жаш курактык топтору боюнча өмүрүндө биринчи жолу диагнозу коюлган зыяндуу шишик оорулары менен оруган аялдар жана эркектер.

Нет описания.

Графиктен көрүнүп тургандай, 2020-жылы, өмүрүндө биринчи жолу диагноз коюлган зыяндуу шишик оорулары менен ооругандардын эң жогорку үлүшү 60 жаш жана андан улуу курактагылар, аялдар арасында да (47,4 пайыз), ошондой эле эркектер арасында да (57,4. пайыз) белгиленди.

Булак: Кабар