Печать
Категория: Коом
Просмотров: 92

Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызмат билдирет.

Маалыматка ылайык, жалпы дебитордук карыз 12,3 млн сомду түзөт.

"Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, абоненттер почта бөлүмдөрүндө кезек күтпөстөн электр энергиясына болгон төлөмдү терминалдар аркылуу төлөсө болот. “Северэлектро” ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. Төлөмдү «Quickpay», «Pay24», «UMAI», «KICB», «БТА Банк» терминалдары, "UMAI", «Элсом» электрондук капчыктары, «Айыл Банк», «Дос Кредо Банк», «БТА Банк», « КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы», «Кыргызпочтасы» мамлекеттик ишканасынын кассалары аркылуу жүргүзсөңүздөр, төлөм тууралуу билдирме “Северэлектро” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт.

“Акылдуу” эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн аралыктан өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу “Северэлектро” ААКнын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт.

Булак: Кабар