Бул тууралуу 3-декабрда шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун шаардын башкы планын даярдап жаткан адистер менен жолугушуусунда айтылды.

Жалал-Абад калаасынын башкы планын даярдап жаткан адистердин маалыматына ылайык, шаардын аянты кеңейтилип, ага Сузак, Барпы, Кызыл-Туу, Таш-Булак айыл аймактары кошулат. Жалпысынан шаардын учурдагы 4452 гектар аянты 7751 гектарга кеңейтилет.

Ошондой эле, шаарда бийик кабаттуу имараттарды курууга тоскоолдук жаратып келген аэропорт Сузак районунун аймагына көчүрүлөт. Андан сырткары өндүрүштүк аймак, турак жай курууга багытталган аймактар так аныкталат.

Шаардын башкы планын даярдоого республикалык бюджеттен 5 миллион сом, жергиликтүү бюджеттен 2,4 миллион сом жумшалат. Ал 2023-жылы даяр болот.

Булак: Маралфм