Мамлекеттик салык кызматынын Чүй, Талас жана Ош облустары боюнча ЕАЭБ алкагында кыйыр салыктар боюнча иштөө башкармалыгынын үч кызматкери ишенимден кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Тиешелүү буйрукка Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов кол койду.

Аларды кызматтан бошотууга 2021-жылдын 2-декабрында “Ак-Тилек” товарларды эсепке алуу пунктунда өткөрүлгөн иш-чаранын алкагында УКМК тарабынан коррупция фактысы боюнча кармалышы негиз болгон.

Белгилей кетсек, кечээ, 2-декабрда коррупциялык схемаларды уюштурууга шектелип Салык кызматынын жана Транспорт министрлигинин кызматкерлери кармалган.

Булак: Кабар