Ош шаардык кеңеши 25-ноябрдагы токтому менен калаадагы коомдук транспортто жүрүү акысын жогорулатты.
Ага ылайык, маршруттук кичи автобустарда жүрүү акысы 1-декабрдан баштап 15 сомго, кечки саат жетиден кийин 20 сомго чейин көтөрүлдү.
Ал эми троллейбуста жана автобуста жүрүү акысы мурдагыдай 10 сом (электрондук картасы барларга 6-8 сом) бойдон калды. Окуучулар үчүн да тариф жогорулаган жок. Алар мурдагыдай 5 сомдон төлөшөт.
Ош шаарында маршруттук автоунаалардан тышкары күнүнө 26 троллейбус, 18 автобус шаар ичинде эл ташыйт. Муниципалдык бул транспорттон сырткары 650 маршруттук такси каттамга чыгат.
Эки жума мурда үчүнчү шаар Жалал-Абадда да жол кире кымбаттаган. Ал эми ушул жылдын 15-ноябрында, Ош шаарынан облустун райондоруна каттаган кичи автобус жана такси кызматындагы жол акы 50 сомдон 200 сомго чейин көтөрүлгөн.
Өзүңүздөр байкагандай, республикабыздагы бул үч чоң шаарларда коомдук транспорттордогу жол кире акысы ар кандай. Анткени жергиликтүү кеңештер менен шаар бийлиги айдоочулардын талабы менен жүргүнчүлөрдүн мүмкүнчүлүгүн эске алып, эки жакка тең ыңгайлуу тарифти бекитишкен.
Булардын ичинен Ош шаарындагы тариф өтө туура деп айтууга болот. Себеби троллейбус менен автобустарда жүрүү акысынын 10 деп белгилениши айлоочуларга да, жүргүнчүлөргө да жеңил жана ыңгайлуу. Баарынан да мектеп окуучуларына 5 сомдук тарифтин бекитилиши өтө туура болгон. Бул шаар бийлигинин элди көбүрөөк ойлогондугун далилдеп турат.
Бирок Бишкекте болсо шаар кеңешинин депутаттары менен мэриянын кызматкерлери мындай айырмачылыктарды эске албай, чоңдорго да, окуучуларга да автобус, троллейбустарда 11 сомдон, маршруткаларда 15 сомдук бааны бекитип берди. Жок дегенде 10 сом кылып берсе да болмок. Мындан эч ким байып же кедейленип деле кетмек эмес. Анткени кээде 20 сом берсең, айдоочулар 9 сом кайтарам деп, биртопко убара болушат жана 1 сом деле окуучуларга чоң акча болуп саналат.
Булак: “Майдан.kg” гезити, №36 (520), 01.12.2021-жыл