Печать
Категория: Коом
Просмотров: 66

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

"Урматтуу шаардыктар! "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын Бишкек шаарындагы филиалынын маалыматы боюнча, 2021-жылдын 15-ноябрынан 18-ноябрына чейин Биринчи май районунун айрым көчөлөрүндө газ убактылуу болбойт.

Өчүрүү аймагы Махатма Ганди көчөсү, Ала-Арча дарыясы, Жапаров көчөсү, ЧЧК чектелген. 382 абонент убактылуу көгүлтүр отунсуз калат.

"Көлмө" конушундагы Жаштык көчөсүн бойлой жайгашкан жер үстүндөгү газ түтүгүнүн бир бөлүгүнүн кесилишине байланыштуу өчүрүлөт.

Ал эми 2021-жылдын 16-ноябрынан 18-ноябрына чейин Ленская көчөсү №50 дарегиндеги жер үстүндөгү газ түтүгүнүн бир бөлүгүн кесип салууга байланыштуу, Ю.Фучик, Ленская көчөлөрү жана Сергей Лазо чолок көчөсү менен чектелген аймактагы 20 абонент убактылуу көгүлтүр отунсуз калат", - деп айтылат маалыматта.

"Бишкекгаз" келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.
 

URL: https://www.vb.kg/kg/4169