Печать
Категория: Коом
Просмотров: 86

 Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков кызматтан алынды. Аны менен чогуу ушул эле университеттин педагогика факультетинин деканы Б.Б.Муратбаев жана ошол эле факультеттин 3 окутуучусу кызматтан четтететилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. 

Айтымында, буга Ош шаарындагы студенттердин үгүт иш-чараларына катышкандыгы себеп болгон. 

Ошондой эле, билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевге, Ош шаарынын мэри Алмазбек Мамбетовго сөгүш жарыяланды.  

Акылбек Жапаров шайлоо процессинин ачык-айкындыгын камсыздоо боюнча кабыл алынып жаткан чараларга тийиштүү билдирүү жасап, бюджеттен айлык акы алган кызматкерлер жана жетекчилердин үгүт иш-чараларына катышуусунун кереги жоктугун баса белгиледи.