Печать
Категория: Коом
Просмотров: 100

Москва шаарында метродогу мушташка байланыштуу кыргызстандыктар кармалганын Россиянын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты.

Анда айтылгандай, окуя “Улица 1905” станциясында орун алып, ага тиешеси бар делип эки кыргызстандык кармалган. Аларга карата коомдук тартипти бузуу фактысы боюнча иш козголду.

Маалыматка караганда, метродо бир адам экинчи адамга кол көтөргөн. Окуянын күбөсү - жүргүнчүлөр. Полиция кызматкерлери эки административдик протокол түзүп, эки жаранды медициналык текшерүүгө жөнөткөн.