Печать
Категория: Коом
Просмотров: 134

Эки жумадан бери кыргыз коомчулугу  UFC  спортчусу, дүйнөлүк рейтингде жеңил салмак боюнча 14-орунда турган Рафаэль Физиевдин өзүнүн диний көз карашына  жасалган кысымдан улам өлкөдөн кетүүгө аргасыз болгондугу жана мындан ары Кыргызстандын туусу менен эл аралык мелдештерге катышпай тургандыгы тууралуу билдирүүсүн кызуу талкуулап жатат.

Ал мындан ары таймаштарга Кыргызстандын атынан катышпай турганын жана үй-бүлөсү менен өлкөдөн көчүп кетүүнү пландап жатканын 13-октябрда “Инстаграм” баракчасы аркылуу билдирди. Спортчу ошол социалдык тармактагы билдирүүсүндө Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (муфтият) дарегине таарынычын айткан. Мындай чечимин ал Кыргызстандын муфтиятынын жана интернеттеги социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын кысымы менен түшүндүргөн.

"Мен эч качан диний үгүттөөчү болгон эмесмин. Мен “Инстаграмдын” миллиондогон колдонуучулары сыяктуу эле өзүмдүн күнүмдүк жашоомду көрсөтүп турам. Ар бир адамдын жеке пикири болот жана светтик мамлекетте ар бир адам мыйзам чегинде каалаганын кыла алат. Бүгүнкү күндө мен муфтияттын көп жамандоосуна кабылдым. Ошонун айынан мага жана үй-бүлөмө катуу кысым болууда", - деди ал.

Бирок муфтият  “жамандоого кабылгандыктан” өлкөдөн чыгып кетүүгө ниеттенип жатканын айткан мушкер Рафаэль Физиевдин окуясына эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

14-октябрда муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев Физиевдин айткандары “чындыкка дал келбейт” деп айтты.

“Муфтият бирөөнү коркутуу менен алектенбейт, өзүнө жүктөлгөн уставдык миссиясын аткарат. Түшүндүрүү, агартуу, элибизге динибиздин баалуулуктарын жеткирүү менен алектенет”, - деген Атабаев Физиевдин да, Токтомушевдин да сөздөрүнө баа берүүнү туура көрбөсүн кошумчалады.

7-октябрда “Ютубда” Кыргызстандын мурдагы муфтийи Максатбек Токтомушевдин спортчунун диний темада жазганын сындаган видеосу чыккан.

Ал Физиев Ирактагы Кербела шаарын Мекке жана Медина шаарларынан кийинки эле ыйык шаар деп атаганы жана буга шариат кандай карай турганы жөнүндөгү суроого жооп берип жатып спортту ишеним менен аралаштырбоого чакырган.

Ошону менен катар Токтомушев Борбор Азия эли сүннөттү бекем кармангандар экенин эскерткен:

"Мындай чакырык таштаган туура эмес. Бул дин аралык кичине бир пикир келишпестикке алып келип коет. Ошондуктан, бул жакшы спортчубуз, Кудай кааласа, туура түшүнүк менен кабыл алып, мындай чакырыгын токтотот деген ойдомун. Токтотуш керек. Өзүнүн жакшы карманганы болсо мейли, эч нерсе эмес. Каабага барса сезим такыр башка да".

Булак: “Майдан. kg” гезити