Печать
Категория: Коом
Просмотров: 124

Баалар космостук ылдамдык менен жогорулап жаткан азыркы учурда дары-дармектердин баасы өтө кымбат экендиги биздин өлкөдө жаңылык деле болбой калган. Анткени денең сыздап, жаның көзүңө көрүнүп турганда же жакын адамың өмүр менен өлүмдүн ортосуна туш келип калса, врачтар сунуш кылган дарыны кымбат экендигине карабай карыз алып же жалгыз уюңду сатып болсо да сатып алууга мажбур болосуң. Ооба, Кыргызстанда жок дегенде баш оорууну баса турган анальгин да өндүрүлбөйт. Ошондуктан баардык дары-дармектер сырттан сатылып келет. Тилекке каршы дал ушул жерде фармацевтикалык компаниялар өздөрү импорттогон дарылардын баасын беш, он эсеге чейин жогору сатышып, элдин жонунан кайыш тилип, кызыл кулактык кылышууда.

Анткен менен жаңы бийлик мындай көрүнүштү ооздуктоо аракетин көрүүдө. Ушул жумада Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары –  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев дары-дармек менен камсыздоо жаатындагы абалды талкуулоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кеңешмесин өткөрдү.

Кеңешмеге мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле фармацевттик бизнестин өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлер менен конструктивдүү диалог жүрүп, дары-дармек менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү кырдаалдын актуалдуу маселелери талкууланды, ал эми Камчыбек Ташиев дары-дармектердин баасына, фармацевттик бизнестин көйгөйлөрүнө, анын ичинде медикаменттердин аткезчилигине, мамлекеттик жөнгө салуучу органдардын бюрократиялык тоскоолдуктарына тийиштүү маселелерге өзгөчө басым жасады.

Кеңешменин жыйынтыгында дары-дармектердин рыноктук наркын түзүү ыкмаларын кайрадан карап чыгуу, анын катарында калк үчүн өтө маанилүү дары-дармектердин баасын төмөндөтүү чечими кабыл алынды.

Ошондой эле маанилүү дары-дармектердин баасына карата чайкоочулукка жол бербөө максатында натыйжалуу чараларды иштеп чыгуунун алкагында, мамлекеттик органдардын жетекчилерине аткаруу мөөнөтү белгиленген конкреттүү тапшырмалар берилди.

Булак: “Майдан. kg” гезити