Депутат Эмил Токтошев республикалык бюджеттин эсебинен берилип жаткан насыялардын кайтарымдуулугун жакшыртуу зарыл деп эсептейт. Ал мындай пикирин Жогорку Кеңештин жыйынында бюджеттик насыяларды берүүнү жана алардын кайтарымдуулугун жакшыртууга багытталган “КР Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатканда билдирди.
“Ошондон улам, Бюджеттик кодекске бюджеттик насыяларды берүүнүн жана аларды кайтаруунун механизмдери сунушталып жатат. Ансыз өз маалында кайтарылбай келе жаткан бюджеттик насыяларды алган жактарды сотко берүүдө кыйынчылыктар жаралып келет”, - деди ал.
Бирок депутат Абдывахап Нурбаев мыйзам долбоору жеке адамдардын кызыкчылыгын коргоого багытталганын белгилеп, каршы добуш берүүгө чакырды.