Печать
Категория: Коом
Просмотров: 126

Алдамчылыкка шектелип кармалган Гүлзат Алымкулова (Коомчулукка Гүлзат Мамытбек катары таанымал) бир айга камакта калтырылды. Буга байланыштуу чечимди Бишкектеги Биринчи май райондук соту кабыл алды. 

Соттун 27-октябрдагы чечими менен Г.Мамытбектин баш коргоо чарасы каралып, аны 25-ноябрга чейин Юстиция министрлигинин алдындагы ЖАМКнын №21 абагында калтырылды. 

Милициянын маалыматына караганда, Биринчи май ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, мекемеге жети жаран кайрылып Гүлзат Алымкулова алардан акча алып, кыска убакытта кирешеси менен кайтарып берүүнү убадалаганын айткан. Бирок ошону менен изин сууткан. 

Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 110 миң доллардан ашуун сумманы түзөт.