Печать
Категория: Коом
Просмотров: 96

Энергетика системасынын башында отургандардын билдирүүлөрүнө жана эскертүүлөрүнө ишенсек, энергетикадагы абал кубандырарлык эмес. Ага Тажикстандан электр энергиясын экспорттоп жатканыбыз да бир далил. Электр жарыгысыз калбасак да, кыштын ызгаарында чектөөлөр, өчүрүүлөрдүн болору эмитен белгилүү болуп калды.

Токтогул суу сактагычындагы абал да кубандырарлык эмес.

Суунун көлөмү өткөн жылдагыдан 3 млрд. кубометрге аз. Бул ойлондурбай, кооптондурбай койбойт. Ошол себептен жылма өчүрүүлөр болбой турганын, бирок лимиттер киргизилип пландык өчүрүүлөр маал маалы менен болорун министрлер кабинетинен билдирди. Тагыраак айтканда, лимит коюлат, андан ашып кеткен учурда пландуу түрдө  өчүрүлөт. Антпесе, кырдаал оор, үнөмдөө, өчүрүүлөргө түшүнүү менен мамиле кылуу аркылуу гана кырдаалдан чыгууга мүмкүн болуп турат.

Мындай абал улана берсе, ар кыштын алдында кокуй абалга кептелип, жарыксыз калып, кыштын суугунда үшүп чыкчудайбыз. Өкмөт электр энергияларына тарифти көтөрүү менен алек болбой, системадагы урдоолорду, жоготууларды жок кылып, Камбар-Ата ГЭСинин курулушун аягына чыгарып, башка чакан ГЭСтерди курууну колго алса болмок. Ошондо энергосектордогу бүгүнкү оор абалдан чыгып, ар кыштын алдында минтип чыйпылыктап, кокуйлабайт элек.

 

Булак: «Майдан. kg» гезити