Ал көмүр жүктөгөн оор жүк ташуучу унааны көтөрө албай калгандыгы айтылууда.
ӨКМден билдиришкендей, кырсык Ош — Папан — Кожокелен унаа жолунун 24-чакырымында саат 15:30 чамасында орун алган. Оор жүк ташыган унаанын ичиндеги эки киши секирүүгө үлгүрүп аман калды.
Кырсыктын чоо-жайын тактоо үчүн окуя болгон жерге ӨКМдин Кара-Суу райондук бөлүмүнүн башчысы барды. Учурда унаалар айыл өкмөткө Ноокат, Кара-Сөгөт айылдары аркылуу каттап жатат.
Аталган айыл өкмөттө Кожо-Келең жана Загара көмүр кендери жайгашкан, аны сегиз компания казат.
Буга чейин Папан айыл өкмөтүнө караштуу Тарылга айылынын тургундары көмүр ташыган унаалар алардын жолдорун бузуп жатканын, айрымдарынын үйлөрүндө жарака кете баштаганын айтып нааразы болушкан.
Ошондой эле алар өткөн жылы жолду тосуп, көмүр ташыгандардан көчөгө асфальт төшөп берүүнү же болбосо унаалардын башка жол менен жүрүүсүн талап кылышкан.
Бул кырсыкка жол, көпүрөнүн коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү тиешелүү чиновниктер жоопко тартылабы, жокпу, азырынча белгисиз. Бирок жергиликтүү бийлик жок дегенде бир жыл мурда элдин талабын угуп, көпүрөнү оңдоп койсо же оор жүк, өзгөчө көмүр ташыган унааларды айыл аралатып өткөрбөй, башка жол менен каттай турган тартип киргизип койсо, мындай кырсык болмок эмес. Ушундай эле көрүнүш республикабыздын Баткен облусу аркылуу Тажикстанга көмүр жана аткезчилик жол менен мунай ташылган жолдордо орун алган.
Булак: "Майдан. kg" гезити