Печать
Категория: Коом
Просмотров: 208

Жакында компаниянын сайтына жарыяланган билдирүүдө көптөгөн жылдар бою өндүрүштүк жана тиричилик калдыктарынын көбү кайра иштетүүнүн ордуна жерге көмүлүп келгени, бул полигондор бир да отчетто көрсөтүлбөгөнү, аларды кызматкерлердин жардамы менен аныктоого мүмкүн болгону белгиленген.

"Казуу иштерине катышкандардын баары таң калып жатышат... Экологдордун айтымында, мындай калдыктар көмүлгөн жерлер кендин дээрлик бардык аймагында бар. Аларда тиричилик таштандылары менен аралаш уулуу калдыктар да чогуу көмүлгөн – химиялык реагенттердин таңгактары, май фильтрлери, эски дөңгөлөктөр, тоо-кен техникасынын тетиктери жана бүтүндөй унаалар бар", — деп жазылган билдирүүдө.

Экологдордун маалыматына караганда, кендин ар кайсы жеринде төрт метр тереңдикте дагы бир нече ири калдык көмүлгөн жерлер бар. Бул маалыматтардын бардыгы юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Апта башында канадалык ишкана кыргыз өкмөтү "Центерра Голд" мыйзамды жана экологиялык стандарттарды бузуу менен жетектеген", "Центерра Голд" кенди пайдаланууда коопсуздук стандарттарын сактачу эмес", "Мурда кыргыз өкмөтү менен келишим түзүүдө Centerra коррупциялык схемаларды пайдаланган" деген аңыздарды таратып жатканын билдирип, бул дооматтарды четке каккан.

"Кумтөр кенин биз жетектеп жатканда ал айлана-чөйрөнү коргоо, коопсуздук жана инженердик камсыздоо жаатындагы эң жогорку эл аралык стандарттагы, дүйнөлүк деңгээлдеги объекти болуп саналып, Кыргызстандын экономикасына 4,48 миллиард доллардан ашуун каражат кошкон", - деп жазылган билдирүүдө.

Айтор кыргыз бийлиги эл аралык сотто ушул экологиябызга келтирилген зыяндарды далилдүү фактылар менен көрсөтүп эле канадалыктарды толук утуп алса болот экен.

Булак: "Майдан. kg" гезити