Бардык эле мегаполистердин чечилбеген көйгөйү таштанды полигону болуп саналат. Биздин Бишкекте да ушул маселе бери дегенде 30 жылдан бери шаар жетекчилерин баш оорусу болуп келет. Акыры таштанды полигонун заманбап шартта иштетүү үчүн эл аралык каржы институттары да тартылган. Мисалы, борбор калаанын түндүк тарабындагы таштанды төгүлүүчү жайды жөнгө салуу үчүн Европа өнүктүрүү банкынан бөлүнө турган 22 млн. евронун 10,5 миллиону коротулган.
Бул тууралуу Бишкек мэри Айбек Жунушалиев журналисттерге берген маалымат жыйында билдирди. Жунушалиев таштанды таштоочу жайды рекультивация кылуу үчүн акча коротулганы менен эч кандай иш жасалбаганын сындады.
“Силер баарыңар күбө болуп жаткандай ал жакта эч нерсе өзгөргөн жок. Биз тендер өткөрүүнүн мыйзамдуулугу жөнүндө суроо көтөрдүк. Таң калычтуусу тендерди эстониялык компания утуптур. Алардын сайтын караганыбызда таштанды менен иштегенин көргөн жокпуз. Бирок тендерди утуп алышкан”, - деди мэр.
Бишкек мэри тендерди утуп алган эстониялык компанияга өз дооматтарын жөнөткөнүн белгилеп, алар милдетин так аткарбаган учурда келишимди бузуп, соттошууга чейин бара турганын кошумчалады.
Буга чейин таштанды полигонун жөнгө салуу үчүн эстониялык Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS компаниясы утуп алганы айтылган. Долбоордо таштандыны кайра иштетүүчү ишкана салынары каралган. Европа өнүктүрүү банкынан алынган каражаттын жарымы насыя түрүндө берилет экен.
Ал эми мындан бир ай мурда Кипрден да түрк ишкерлери келишип, Бишкек жана Ош шаарларына таштандыны кайра иштетүүчү ишкана куруу тууралуу эки шаардын жетекчилери менен жолугуп кетишкен. Бирок ортодо сүйлөшүүнүн жыйынтыгы кандай аяктагандыгы тууралуу так маалымат бериле элек.
Бишкек шаарына караштуу Санитардык полигон ишканасынын көзөмөлүндөгү шаардык таштанды талаасы учурда оор абалда. Техниканын жетишсиздигинен улам убагында түртүлбөй, сорттолбогон таштандылар белгиленген аймактан чыгып кеткен. Бишкектеги шаардык таштанды жайы 1978-жылдан бери иштеп жаткан. Учурунда 400 миң кишиге эсептелген. Бирок азыр Бишкек шаарында миллиондон ашык киши жашайт жана күн сайын жүздөгөн тонна таштанды чыгарылат.
Булак: "Майдан. kg" гезити