Мындан бир нече күн мурда Ош облусунун Кара-Суу районунун сатып алган жерге курган үйүн түрттүрүү коркунучу пайда болгонун айткан тургундары Бишкекке чейин жөө жүрүш жасаганын билдиришкен болчу.
11-октябрда алар Бишкекке келишип, Өкмөт үйүндө, президенттин коомдук кабылдамасында болушту.
Төрт адам Бишкекке Кара-Суудан 11 күндө келгенин, бийликтен адилеттүүлүк орнотууну жана райондун мурдагы акими Тилек Матраимовду жоопко тартууну талап кылып жатышканын айтышты.
Алардын билдиргенине караганда, 2018-жылы трансформация болуп, жеке колго өткөн жер үлүштөрүн ошол кездеги аким Матраимов “Ихлас” курулуш компаниясына мыйзам бузуу менен өткөрүп берген жана азыр “карапайым эл курган үйлөрдү түрттүрүп жатышат”.
Кара-Суунун Дыйкан-Кыштак айылынын бир нече тургуну буга чейин президентке, УКМК төрагасына даттанышкан жана сотторго, жергиликтүү бийликке нааразылыгын билдиришкен.
Айтылуу Матраимовдордун Тилек дегени Кара-Суу районун сегиз жыл башкарган. Бирок 2020-жылдын октябрь айындагы бийлик алмашуудан кийин Өзбекстанга кире качканда, кошуна мамлекеттин чек арачылары кармап, Кыргызстанга өткөрүп беришкен. Андан соң кызматтан бошотулуп, камакка алынган. Ош шаардык сотунун чечими менен бир айдан кийин үй камагына чыгарылып, айыпка жыгылганы маалымдалган.
Ал эми азыркы Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов орун басары Данияр Жаныкулов экөөсү ошол эле Кара-Суу районундагы вагондо жашап жаткан үй-бүлөлөрдүн көйгөйүн чечип, кары-картаңдарга жардам беришкендигин социалдык тармактарга байма-бай жарыялашууда. Эми ушул Матраимовдор менен тирешкен карапайым адамдардын да маселесин аларды салпактатып 600 километр аралыкты жөө бастырбай, жеринде эле чечип беришсе болмок экен.
Булак: "Майдан. kg" гезити