Оштун Кара-Суу районундагы Дыйкан-Кыштак айылынын тургундары мамлекеттик органдардын алардын үйүн бузуу боюнча чыгарган чечимине каршы болуп, Оштон Бишкекти көздөй жөө келе жатышат.
Нааразы болгондордун бири Кыял Арстанов Оштон 1-октябрда чыгып, учурда Жалал-Абаддын Сузак районуна жеткенин билдирди.
Ал мамлекет тарабынан жер тилкесин албаганын, азыр жашап жаткан үйүн кыйынчылык менен салганын, бала-чакасын эптеп багып жатканын айтууда.
"Жогорку жакка үнүбүз жетпей жатат. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге кайрылып келебиз. Эгер ошол жактан дагы "мыйзамсыз" деп табылса, сот аткаруучуларга "өз ыктыярыбыз менен бузуп чыгып кетебиз" деп кагаз жазып бердик", - деди Арстанов.
Арстанов менен чогуу үйүн буздурбоону суранып 12 үй-бүлөнүн мүчөлөрү да жөнөгөн. Алардын кээ бири жолдон кайтып, учурда беш киши Бишкекке келе жатат.
Дыйкан-Кыштак менен Коргон айылдары документ боюнча Кара-Суу районуна караганы менен Ош шаарынын батыш тарабы менен чектешип, дээрлик шаардын ичинде жайгашкан. Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жетекчиси Зулпукар Мазаевдин айтымында, талаштуу аймак айыл-чарба багытындагы сугат жер, ал жерге курулуш иштерин жүргүзүүгө мыйзам жол бербейт. 28-сентябрда сот аткаруучулар талаштуу аймакта курулган үйлөрдү сүздүрүп баштаган.
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов жана анын орун басарлары күн ара үйү жок, талаада контейнерде жашаган адамдардан кабар алып, көйгөйүн чечип жатышкандыгы боюнча фото, видеолорун социалдык тармактарга байма-бай жарыялашууда. Эгер алардын бул иштери пиар эмес, чын дилден жасалып жатса, анда Кара-Суу районундагы үйү бузулуу алдында турган 12 үй-бүлөнүн да маселесин чечип берсе, аларга да, бийликке да жаккан иш жасашкан болор эле.