Печать
Категория: Коом
Просмотров: 648

Сыягы, адам баласына акыл-эс  жаралгандан бери эле сүйүү сезими кошо жаралса керек. Ошондуктан бул ыйык максатына жетүү үчүн ар ким башкалар менен мушташып, дуэлге чыгып, ал тургай дүйнөлүк согуштар да чыгып келген. Бирок биздин заманда аялзатынын сулуулугунан же сулуулар конкурсун өткөрүүдөн атак-даңк гана эмес, акча да жасаган эпчилдер пайда болуптур.

Мисалы, эки жылдан бери Рысгүл Намазбекова деген өзү деле жапжаш, супсулуу айым «Мисс -Кыргызстан» деген сулуулар конкурсун өткөрүп келет. Былтыркы конкурста өтө бир үлкөн чиновниктин жакын тууганынын кызы жеңүүчү болгон (көрсө, чоңдордун кыздары да сулуу болушат турбайбы...). Дал ушул Рысгүл быйыл да Бишкектин менмин деген кымча бел, аркар моюн, узун шыйрак 300гө жакын кыздарынын арасында кастинг өткөрүп, тандалып отуруп 30-сентябрда борбордогу ресторандардын биринде өткөрүлгөн финалга 30 кыз катышып, алардын арасынан 16 жаштагы Алтынай Ботоярова финалга чыккандыгы кабарланды. Ага конкустун шарты боюнча 400 миң сом тапшырылып, Ал эми кийинки үч орунду алгандардын баардыгы Дубайга путёвка алышты.

Бирок социалдык тармактардын колдонуучулары бул конкурс өтө ыплас өтүп, уюштуруучу кыз ири суммада акча жасагандыгы айтылууда. Бул тууралуу конкурска катышкан кыздардын ата-энелери эркин журналист Б. Мундузовага айтып беришкен.

“...Тандоо турунан финалга өткөн 31 кыздын баштарын айлантып, ар биринен акча жазап жүрүп отурган! Кантип? «Кечигип келдиң келе 3 миң, 5 миң, 10 миң» деп сурай берген, кыздар бере берген! Кыздарды түнкү саат 3дө да репитицияга чакырган күндөр болгон, кээ бир учурда кыздар ачка, тамак ичпей жүрө беришкен. Коопсуздук жагын айтпадым! Ал аз келгенсип, кыздарды «реалити шоу» демиш болуп, ага өзүнчө акча алган, кыздарды ондон бөлүп көчөгө чыгарып «кайыр суратып» жетим балдар үйүнө деп акча чогулттурган. Кыздардын алды бир күндө 30 миңге чейин акча чогултуп беришкен! Бир күнү жылаңач купальник менен бассейнге алып барып, фото сессия, видеого тарткан, ал үчүн да 3500 сомдон сураган. Видео ролик тарттырыш керек ансыз болбойт деп, 3,4 минуталык видеону 600 доллардан тарттырышкан…. Конкурстун талабы ушундай болгон окшойт сыягы!(

Дагы тактай кетсем, даярдыктардын учурунда, ар бир репетицияга кечигип келген кыздардан 1000 сомдон, келбей койгон үчүн 10 миңге чейин штраф катары алып турган...”,- деп айтылат журналисттин баракчасында.

Эгер ушул көрүнүш чын болсо, анда жаш кыздарды ашкере бушайманга салып, ата-энелерин чыгым тарттырган же мыйзамсыз акча жасаган Р. Намазбекованын “намазын окута турган” мыйзам жокпу?