Печать
Категория: Коом
Просмотров: 236

Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Мариповдун ыйгарым укуктарынын көптүгү парламент депутаттарынын таң калуусун жаратты. Бүгүн, 6-октябрдагы пленардык жыйында депутат Дастан Бекешев Мариповдун автоунаасы бир нече автоунаанын кайтаруусунда жүрөөрүн белгилеп, эмне себептен ушундай болуп жатканына кызыкты. 

"Министрлер кабинетинин төрагасы мурдагы премьер-министрдей эле жүрөт. Ал болбосо азыр президенттин катардагы жардамчысы эле го", - деп депутат президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү анарбек Калматовго кайрылды. 

 Ошондой эле, депутат президенттин администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетовду мисалга алып, анын эч кандай коштоочуларсыз, кайтаруусуз эле жүрөөнүн белгиледи. 

Анарбек Калматовдун айтымында, учурда Министрлер Кабинети тууралуу жаңы мыйзам кабыл алына электиктен, эски мыйзамдын чегинде иш алып барышууда. Жаңы мыйзам кабыл алынгандан кийин бул маселе каралат.