Блоггер Назира Айтбекованын жөн эле ойлору:
- Адам таарынганда, ичи тарыганда, жек көргөндө, көралбастык кылганда, кызганганда ал берки адамга тийбейт. Уу ичип алып, тымпыйып отура бергендей, же бомбаны ыргытпай, колуна кармап алгандай , өзүнө гана таасир берет. Бул төмөнкү катмардагы сезимдер. Энергиясы уулуу келет. Силерди жашоонун түбүнө, тозокко сүйрөй турчу сезимдер. Адам оорусу ушул сезимдерден чыгат.
Бийик энергиядагы , таза адамдардын жашоосу да бейиш сындуу. Бирөөнү жаман көрбөсөң, таарынбасаң, жамандабасаң, кыянаттык кылбасаң, жан дүйнөң ушунчалык жыргайт.
Тазалык кандай сонун?! Сезимди тазалыгы, ички дүйнөңдүн аруулугу керемет да эй! Жашооңорго жакшылык кубалашып келсин десеңер, ички дүйнөңөрдү генералдык тазалоо менен баштагыла! Бирөөгө ушунчалык кубангыла, кечирим бергиле, кечирим сурагыла, уулуу адамдарды жашооңордон чыгаргыла, сүйгүлө, сүйүүгө орун бергиле, шүгүрчүлүк укмуштуудай сонун сезим, ыраазычылык билдиргенди, топук болгонду үйрөнгүлө! Анан эле баары орду ордуна түшө баштайт.
35 жыл ичинде ушуну үйрөндүм. Жадыбалдай жаттадым го , чиркиндики! Түшкө маани бергиле. Түш көп нерсени ачыктайт. Сезимдериңерди тыңшагыла! Өзүңөр менен эсептешкенди, өзүңөрдү укканды, көргөндү үйрөнгүлө! Болгон эле жашоонун сыры ушул экен. Биз башкалар менен күрөшпөйт экенбиз! Өмүр бою өзүбүз менен , жан дүйнөбүздөгү күнөөлүү сезимдер, эрежелер, каалоо менен “кылыш керек” дегендин күрөшү менен , “Айла жок бирок айлавю” менен согушуп атып, өзүбүздү өзүбүз жеп, курутуп, чиритип олтурат экенбиз. Жашоо оңой эле экен көрсө.
Эркиндик, тазалык , шүгүрчүлүк! Көрүнгөн китепти окуп атып , жыйынтыгы ушул эле экенин билдим!