Урматтуу Садыр Нуркожоевич!
Урматтуу Улукбек Асамудинович, сиздерге кайрылуумдун себеби төмөндөгүчө.
- Биринчи маселе кыргызстандын жерин инвентаризациялоо иштерин жүргүзүү боюнча.
- Экинчи маселе Чүй облусунун Москва районундагы “Урожай” спорт комплекисинин акыбалы жөнүндө.
Урматтуу Садыр Нуркожоевич!
Урматтуу Улукбек Асамудинович, сиздердин кол алдыңарда иштеп жаткан кызматкерлердин чабалдыгынан, кашаңдыгынан сиздердин ишмердүүлүгүңүздөргө көлөкө түшүрүп койгон учурлар болуп жатат. Мисалы, Өкмөттүн буйругунун негизинде Кыргызстандын жерин тактап, инвентаризациялоо аркылуу иштери 2017-жылдын аягына чейин бүтүрүү тапшырылган. Район, облустар иштерин бүткөрүп, өкмөткө өткөрүп бергенине үч жылдан ашты. Бирок бүтпөй келүүдө. Менин алган маалыматым боюнча, жоопкерчиликтен качып, бири-бирине футбол тобундай “пас” берүү менен алектенүүдө. Ал эми жер-жерлерде айыл өкмөттөрдө элдер күтүп жатышканы менен иши жок.
Экинчи маселе, Москва районунун борборунда союз учурунда “Урожай” деген чоң комплекс салынып, райондун элин кубандырып келген. Эгемендүү мамлекет болгондон кийин бул спорт комплекс каралбай, мышык ыйлай турган акыбалга келип калды десем адашпайм. 30 жылда ремонтко бир эле жолу каражат бөлүнүптүр. Спорт комплекстин акыбалын жергиликтүү эл көрүп, акимге, айыл өкмөтүнө кайрылып, ремонт иштерин жүргүзүп берүүнү өтүнүшкөн. Ал комплекс айыл өкмөттүн балансында болбогондон кийин бюджеттен каражат каралбай турганын айтышкан. Ошону менен бирге айыл өкмөтү, айылдык кеңеш биргелешип, Маданият министрлигине кайрылып, айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүүнү суранып, жыл сайын ремонтко каражат бөлүп берүүнү өз моюндарына алышса дагы макул болушпай, "педагог-тренерлердин айлыгын да төлөп бергиле" деген кемчонтойлук сунуштарын беришкен. Бирок айыл өкмөтү ал сунушка макул эместигин билдирген. Анткени, айыл өкмөтүнүн бюджети аны көтөрө албайт. Ортодо биздин спорт менен машыккан жаштарыбыз жабыркап келүүдө.
Урматтуу Кыргызстан мамлекетинин жетекчилери, өзүңүздөрдүн көзөмөлүңүздөргө алып, жогорудагы эки маселени тез аранын ичинде оң жагына чечип беришиңиздерди суранам.
Сиздерди урматтоо менен Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Туратбек Мадылбеков