Печать
Категория: Коом
Просмотров: 63

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын жараны «М.Д.Ю.» электр энергиясын бөлүштүрүүчү "ЭТ" компаниясына мыйзамсыз кошулуп, электр энергиясын ири өлчөмдө урдоо менен майнинг-фермалар аркылуу криптовалюта алуу үчүн мыйзамсыз иштерди уюштурганы аныкталды.

2021-жылдын 15-сентябрында жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында «ЭТ» бөлүштүрүү компаниясынын электр тармактарына мыйзамсыз туташтырылган криптовалютанын иштешин камсыз кылуучу 500дөн ашык "майнинг-фермалар" аныкталган. 

Белгилей кетүүчү жагдай, "майнинг-фермалар" өндүрүлгөн электр энергиясынын жетишсиздигине алып келет, анткени 1 жабдык 1500-3000 кВт саат сарптайт.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын алкагында мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү процессуалдык аракеттер жүргүзүлүүдө.