Печать
Категория: Коом
Просмотров: 491

Бир ай мурда Бишкекте Американын элчилигинин имаратынын алдында митинг болуп өткөн. Кечээге Нью-Йорк сотунун "Центерра" компаниясынын Кыргызстанга койгон дооматын четке каккан чечимин саясат талдоочу Бакыт Бакетаев ушул митингге байланыштырды. 

"Бир ай мурда биз кайдыгер эмес жарандардан турган топ менен Бишкектеги АКШнын элчилигинин алдында митинг өткөргөнбүз. Анда башка талаптар менен кошо "Центерра" компаниясы кайрылган америкалык соттон акыйкаттуулук да талап кылганбыз. Митингдин жүрүшүндө мен АКШ элчисине кайрылып, дүйнөдөгү эң акыйкат сот - Америка соту экенин белгилегем, сот кыргыз элинин таламын талашат го деген үмүт менен. Мен анда хейтерлердин тамашасына айланып кеткем. Бирок бир ай өтпөй жатып, океандын ары жагынан жагымдуу кабар келди", - деди Бакетаев. 

Ошондой эле, ал канадалык компания Нью-Йорк сотуна Кыргызстан өкмөтүнө санкция салуу боюнча өтүнүч арыз келтиргенин белгиледи. Алар кайрылуусунда Кыргызстандын "Кумтөр" боюнча аракети, анын катарында сырткы башкаруунун мөөнөтүн узартуусу, "автоматтык токтотуу" режимин бузганын айтышкан. Бул үчүн күнүнө миллион доллар төлөтүп алууну көздөшкөн. 

Бакыт Бакетаев Нью-Йорк соту канадалыктардын өтүнүч арызын кылдат карагандан кийин ушундай чечимге келгенине токтолду. 

 "Дагы бир айдан кийин бизди эмне күтүп жатканын көрө жатаарбыз. А азырынча Нью-Йорк сотуна ыраазычылык билдиребиз", - деди саясат талдоочу.