Жоомарт Оторбаевдин камалышы жөн жерден болгон жок. Мындай пикирин экс-депутат Туратбек Мадылбеков билдирди. 

"Алмазбек Атамбаев бийликте турган учурунда премьер-министрликке тил алчаак адамдарды гана койгон. Мисалы, Жантөрө Сатыбалдиев. Атамбаев айтканын уккан адамдарды гана тандаган. Ал койгон премьер-министрлер мамлекет башчысынын айтканын аткарышкан, өз алдыларынча иш алып барышкан эмес. Тергөөдө көп далилдер болушу мүмкүн, биз азырынча ал тууралуу кабардар эмеспиз. Бардык премьер-министрлер: Сатыбалдиев, Сариев түрмөдө отурушат. Жоомарт Оторбаевди да кечээ кармашты. Оторбаев кайсы бир документке кол коюуга комиссияны мажбур кылган деп айтылып жүрөт. Кыязы, ошол мекеменин жетекчилиги ага каршы көрсөтмө беришип, ошондон улам кармашса керек. Ошондуктан, бул саясий куугунтук эмес деп ойлойм, анын үстүнө Оторбаев акыркы учурда саясатка аралашпаган, эч кимге тоскоолдук жаратпады. Аны жөн жерден камашкан жок. Далил болсо керек", - деди Туратбек Мадылбеков.