- "Кумтөр" трагедиясы боюна күнөөлүлөр  биздин чиновниктердин арасында өтө көп. Чыккан алтындан Кыргызстан  жок дегенде 30 процентин алып турса,  биз  24 жылдын ичинде 6,7 млрд доллар жоготпойт элек. Кыргызстан чыккан алтындан 13 эле процентин алат деп келишимге жазып койгондордун бири Акылбек Жапаров да. Аны эмне үчүн ушул убакка чейин кылмышка тартпайбыз. Анын Канттагы МИС жана башка сот иштери эмне үчүн ушул убака чейин бүтпөйт? Андан башка  Акылбектин Көк- Жарда 24 гектар айдоо жерин трансформация кылып алганы да бар. Алардын баардыгы бир убакта чыгат да.