Печать
Категория: Коом
Просмотров: 123

Аймактардагы кен иштеткен инвесторлор менен жергиликтүү элдин ортосундагы  келишпестиктер, түшүнбөстүктөр менен  коштолгон тирешүүлөр, ызы-чуулар токтобой койду. Маал маалы менен орун алып туруусу адатка айланды. Аз күн мурда Чаткалдагы Жамгыр кенинде да жергиликтүүлөрдүн нааразылыктары менен коштолгон  окуя орун алды. Анда эл  компаниядан калдыктарды сактоочу жайды (хвостохранилища)  башка жакка  көчүрүүнү талап кылышып, өндүрүш фабрикасына кол салып, аймагына чейин кирип барышкан. Бирок компания өклдөрү элдин мындай  талап коюулары  негизсиз экендигин айтышууда. Анткени,  калдыктарды сактоочу жай  (хвостохранилища)  жергиликтүү эл менен макулдашылып, бир канча жолу эл менен коомдук угуу болуп өткөндөн кийин курулган экен. Калдыктарды сактоочу жай бардык норма, талаптарды сактоо менен курулуп, депутаттык комиссия тарабынан бир канча жолу  текшерилип, оң корутундулар чыгарылганы маалым болду. 

Анда жергиликтүү эл эмнеге нааразы болушуп, которуу тууралуу талаптарды коюшууда?

Бизге жеткен маалыматтар боюнча, мындай окуяларды көп учурларда  кандайдыр жеке кызыкчылыктарын көздөгөн саналуу адамдар уюштурушуп, элди кен иштеткен инвесторлорго каршы тукурушат. Сыягы, бул учурда да ошондой болгон окшойт.  «Бир карын майды бир кумалак иритет» деген ушул. Ал эми өздүк маалымат булактары мындай аракеттердин артында 4-5 адам турарын билдиришти. Алардын максаты – компанияга жогорудагыдай  талаптарды коюу менен  компаниядан акча өндүрүү, пайда көрүүгө аракет көрүшөт.  
«Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» дейт. Тийешелүү министрлик, тармактын кызмат адамдары маселеге көңүл бурушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзсө ашыкча болбойт эле. Мындай окуяларды алдын алуу, болтурбоо өтө маанилүү. Буга окшогон окуялар тоо кен тармагындагы инвестициялык  абалды гана начарлатпаса, пайда алып келбейт. Ушуну тармакты тескегендер тереңден түшүнүшүп, ошого жараша иш алып баруулары зарыл болуп турат.