Печать
Категория: Коом
Просмотров: 123

Шайлоо болгон жерде сөзсүз утулгандар болот. Бул “эки жерде эки төрт” дегендей эле аксиома. Талапкерлердин нарк-насилдери утканда эрдемсип бөркүн же жоолугун көккө ыргытып жибербей, кокус утулуп калса, биротоло чычалап, атаандаштарына акараат сөз айтпай, “сабырдын түбү-сары алтын” деп, эмоциясын, ызасын пас-пас кылып, өзүн карманып,татыктуу алып жүргөнүнөн көрүнөт, билинет. Тилекке каршы, 5-августта Кыргыз Улуттук илимдер академиясында шайлоо өткөндөн бери утулгандардын бир нечеси жалпыга маалымдоо каражаттары, социалдык түйүндөр аркылуу академияны гана эмес, уткан атаандаштарын да шыбап, каралоосу токтобой келаткандыгы өкүндүрөт.Биз мында баарына эмес, корреспондентмүчөлүккө атаандаш болгон Лайли Үкүбаева ЖМКларга далилсиз ар кандай сөздөрдү айтып, соцсетте атайын топ түзүп алып, жалган маалыматтарды таратууну үзгүлтүксүз жүргүзүп жарыялап жатканына гана токтолгубуз келет. Анын ызасы, ич күптүсү эмнеде?

Професссор Лайли Үкүбаева шайлоодо ат салышкан экен, корреспондентмүчөлүккө ал эмес, дагы бир профессор Жылдыз Бакашова өтүптүр. Лайли эжекебиз 3 гана добуш алыптыр. Баса, Лайли Үкүбаева мындан 11 жыл мурун Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөлүгүнө жалгыз өзү чыгып, анда да өтпөй калган. Демек, Үкүбаева өзүн колдобогондугу үчүн Академиянын мүчөлөрүнө нааразы болсо да атаандашына асылып, анын илимпоз, окумуштуулук, а түгүл инсандык бедел-аброюна доо кетиргидей сөздөрдү айтпай, жазбай койсо деле болмок. Анткени, Жылдыз Бакашова өзүн өзү шайлабады, же ал мүчө-коррлукка жогортон дайындалбады, Академиянын мүчөлөрүнүн каалоолору, тандоолору ошондой болду. Орустар “насильно мил не будешь” дешкендей, академиктер ошондой чечишсе, кубарыңдын акысы барбы? Улуттук адабият таануубузда Жылдыз Бакашованын да, Лайли Үкүбаеванын да олчойгон ордулары бар. Кыргыз адабият таануубуздун өнүгүүсүнө экөө тең чоң салымдарын кошушту жана кошушууда. Аманчылык болсо дагы кошушат. Экөөсү тең мага бейтааныштардан эмес, убагында Лайли эже университетте бизге лекция окуп, сабак берген. Ак жуумалынан келген сулууча, дайыма оор-басырыктуу абалынан жазбаган эжекебизди сыйлачубуз, урматтачыбыз. Ал эми Жылдыз Бакашованын эмгектери боюнча гана эмес,азыноолак бирге иштешкенден да билем. Жылдыз айым өз эмгектеринде дайыма козгогон маселесине үңүлө карап, ойлорун аргументтештирип тереңдетип, жыйнактуу так жеткиргенге аракеттенет. Обзордук констатациялык жалпыламалар ага жат. Мен аны окурман катары ушул жагынан урматтайм. Анан Лайли эжекебиздин “ЖОЖдордо тийди-качты иштеген, Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана илимий мекеме эмес” деген пикирине кошулбайм. Жылдыз Бакашова эмгек жолун 1984-жылы КМУда лаборант болуп баштап, кафедра башчысы, декан, Дипакадемияда проректор болуп иштеп, мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайыкокуу пландар, окутуу процесси, “Аспирантура жана докторантура жөнүндө”, жобо, “Магистратура жөнүндө жобо”, “Камкордук кеңеши жөнүндө жобо” сыяктуу документтерди иштеп чыгып, жаш окумуштуулардын илимий эмгектеринин жыйнагын чыгарып, Дипакадемияда магистратура, аспирантура ачкан, кийин Улуттук китепканада иштесе да илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, ЖОЖдордо үзгүлтүксүз сабак берип келди.Ал эми Улуттук китепкана Уставы боюнча илимий мекеме деп да эсептелет, Бакашова ал мекемени 15 жыл жетектеди.Окутуу, илимий иштерди уюштуруп, жетектөөдө Бакашованын тажрыйбасы, салымы абдан чоң. Ал эми илимий иштерине келе турган болсок, ал 7 монографиянын, 11 окуу-усулдук эмгектин, 200гө жакын илимий макаланын автору. Илимге аралашкандан бери дүйнөнүн 160тан ашык шаарындагы эл аралык конференцияларга катышып,илимий баяндамаларды жасаган. Жалпысынан эл аралык жана республикалык деңгээлдеги 15 500дөн ашык илимий иш чараларга катышып, баяндамалар жана билдирүүлөр менен чыккан. Евробиримдиктин “Горизонт-2020” илимий программасынын улуттук координатору катары , ЕБ менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу илимий-техникалык диалогду сактоо жана өнүктүрүү, өлкөнүн окумуштууларынын ЕБ алкактык программаларына катышуусун кеңейтүү боюнча көп иштерди аткарды,ондогон окумуштуулардын европалык илипоздор менен кызматташтыгын кеңейтүүсүнөкөмөктөштү. Анын жетекчилигинде “Ачык билим берүү ресурстарын жайылтуу” долбоору ишке ашырылды, www Iib.kg сайты түзүлдү, анда анда диссертациялар, илимий эмгектер 3 тилдежайгаштырылды, Улуттук китепканада Россиянын Мамлекеттик китепканасынын эң чоң диссертациялар жыйнагынын виртуалдык бөлүмү,чет жактан инвестицияларды тартып адабий, маданий 17 борбордутүздү. Мисалга, 1000 м.кв. Айтматов борбору өлкөнүн сыймыгы десек болот. Ж.Бакашованын илимий эмгектеринин көбү Web of Sciense, РИНЦ тутумундагы илимий журналдарга англис, орус тилдеринде жарыяланган, ал 45тен ашык илимий-популярдуу басылмалардын жооптуу редактору. Илимий иштерине залкар жазуучу Ч.Айтматов, З.Кабдолов, А.Садыков, К.Асаналиев, Джафаров Низами Гулу уулу, А.Эркебаев, С.Мусаев сыяктуу академиктер, А.С.Кацев, М.Жолдасбеков, Ж.Түймөбаев сыяктуу профессорлор мыкты бааларын беришкен. 10дон ашык өлкөнүн окумуштуулары баа берген тасма да Бакашованын эл аралык денгээлдеги окумуштуу, менеджер экенин далилдеп турат. Сыйлыктары, наамдары: КРнын билим берүүсүнүн мыктысы, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КМШнын парламенттер аралык Ассамблеясынын “За заслуги в развитии культуры и исуксства” Ардак белгиси ордени, В.Путиндин Указы менен Россиянын Пушкин медалы, ТҮРКСОЙдун алтын медалы, Франциянын Сенатынын медалы, Франциянын абройлуу төрт орденинин бири “Адабият жана искусство” ордени, Казакстандын Абай атындагы медалы, Ч.Айтматов атындагы Эл аралык академиянын академиги, Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты. Демек, Жылдыз айымды “жерден жик чыкты...” дегендей, Улуттук Академияга кокустан эле мүчө-коррлукка шайланып калды деп айтууга болбойт. Ал буга илимдеги, билим берүүдөгү, аларды уюштуруп өнүктүрүүдөгү дээрлик 40 жылдык эмгеги, салымы аркылуу жетишти.Анын аспиранттары башка айрымдардыкына салыштырганда аз болгон менен илимди,билим берүүнү уюштуруп, өнүктүрүүгө ат көтөргүс салым кошту десе болот. Жазуучунун, илимпоздун орду, ролу жазылгандардын, басылгандардын сандары менен өлчөнбөйт. Негизгиси-сапат. Орустун чыгаан адабиятчысы М.Бахтиндин басылган эмгектеринын баарын чогултса 3 томго жетпейт, бирок анын ысмы улуу адабияты бар элдин адабият таанусунун тарыхына түбөлүккө кирип калды.

Бир убакта Жумгалдагы башкармалар түгүл, бригадирлер, басмалардагы редакторлор да өздөрүн Мидин Алыбаевден жогору сезишкен, ага айрым фактылар бар, бирок мезгилдин өтүшү менен Мидикебиз улуттук адабиятыбыздын төрүнөн орун ээлесе, ага сын таккандар аймактык тарыхтын анналдарында калышты. Кеп наамда, даражада деле эмес, кийнки муундагыларды кимдин кандай сыйлыгы, наамы болгондугу кенедей да кызыктырбайт. Алар адабиятчыларды эмгектерине жараша гана баалашат. Наам, даража, сыйлыктар күнүмдүк гана көңүл көтөрчү нерселер.

Даркан адабиятчы Кеңешбек Асаналиев деле эч жерге шайланбай эле жарыкчылыктан өттү. Бирок, улуттук адабият таанууда өлбөсөчпөс эмгеги, аты калды. Ал көөнөрбөйт. Демек, Лайли эжеке чыныгы эмгектерди жаратсаңыз ал кийнкилерге калат, ошондуктан мүчө-коррлукка шайланбай калганды ашкере драмалаштыра берүүнүн кажети жок. Анан эки лаборантка кыз урушкандай же базардагылардай “осурган кыз осурбаган кыз...”деген сыяктуу сөз айкаштарын колдонуп, бирөөлөргө асылуу дасыккан педагогдун, илимпоздун, анын үстүнө пайгамбар жашындагы байбиченин да абройбеделине ылайык келбейт. Залкар Айтматов айткандай “күн сайын Адам болуу эң кыйын...”. Буларды эсиңизден чыгарбасаңыз.

 

Папан ДҮЙШӨНБАЕВ, адабиятчы, публицист

Булак: “Майдан. kg” гезити