Печать
Категория: Коом
Просмотров: 44

УКМК тарабынан 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо ири суммадагы акчаны алдоо жана мыйзамсыз алуу фактысы кайрадан аныкталды. "Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөсү жана өлкөнүн парламентинин экс-депутаты Ч.Р. тарабынан, депутаттык мандат үчүн 300 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражат алынып, арыз ээсине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

2021-жылдын 16-сентябрында жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгына жана алынган далилдерге негизинде аталган Ч.Р., КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча кылмыш жасаган деп шектелип кармалып КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жакын арада тергөө «Ч.Р.ны» тергөө иши бүткүчө баш коргоо чарасын кабыл улуу маселесин карайт, тергөөнүн алкагында бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган толук чаралар көрүлөт.