Акыркы күндөрү Бишкекте узун көйнөк, далбар шым, айтор сүннөт кийимчен, сакалчан чет элдиктер таракандай эле көбөйүп кетишти. Алар 4-5тен топтолуп алышып, борбордук көчөлөрдө, парктарда басып жүрүшүүдө. Бирок мындай көрүнүш Афганистанда “Талибан” кыймылы бийликти алып, жергиликтүү эл туш тарапка качып жаткан учурда бишкектиктерди чочулатууда. Ошондуктан менталитети менен жүрүш-турушу бизге жат бул адамдардын кайдан, кандай максат менен келгендиги ар бирибизди тынчсыздандырып, социалдык тармактарда түрдүү пикирлер жазылып жатат. Көрсө, алар Сауд Арабиясына, Оман, Катар жана башка бай мусулман өлкөлөргө Кыргызстан аркылуу транзиттик каттам менен учуп жаткан туристтер экен. Себеби аталган өлкөлөр пакистандыктардын түз учуусуна тыюу салып койгондуктан, алар бир чети арзан, экинчиден жакын деп, дагы 14 күн карантинде болуп, ПЦР тесттен өтүп, Бишкек аркылуу учуп жатышыптыр. Электрондук виза аркылуу июль-августта 7,5 миң пакистандык келиптир.
Жергиликтүү элдин нааразычылыгы себеп болдубу же башка жагдайдан уламбы, айтор ушул жумада Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Пакистан менен Индиянын жарандарына виза берүү токтотулганын билдирди.
ТИМ виза берүүнү токтотуу себебин Кыргызстандын мамлекеттик органдары коопсуздук маселелерин эске алуу менен чет өлкөлүктөрдүн келүүсүн көзөмөлдөө алгоритмин өзгөртүп жатканы менен түшүндүрдү.
«Алгоритм чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын аймагына келиши үчүн чакыруучу тараптардын жоопкерчилигин карайт», — деп түшүндүрүштү ведомстводон.
Алгоритмге өзгөртүү киргизилгенине байланыштуу «Электрондук виза» порталында виза алууга арыз берүү процессин өзгөртүү үчүн техникалык иштер жүргүзүлүп жатат. Бир чети туристтерсиз, акчасыз эле ач болсок да тынч эле жашаганыбыз туура го.
Булак: “Майдан. kg” гезити