Печать
Категория: Коом
Просмотров: 546

Бир жумадан бери интернет желелеринде, социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты, сессияда ар бир сөзүн уйкаштырып,  куюлуштуруп сүйлөгөн, кара жаак, жез таңдай кадимки Рыскелди Момбеков айдоочусу экөөсү Бишкектин Чүй-Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде бир айдоочуну сабап салгандыгы тууралуу сөз жүрүүдө. Бирок депутат мындай маалыматтарды жокко чыгарып, жолдогу жаңжал боюнча өзүнүн версиясын айтып берди. Анын айтымында, тескерисинче BMW машинасынын айдоочусу ага кол салган экен.

«Бул карандай калп. Мен өмүрүмдө айдоочу же жан сакчы жалдаган эмесмин. Жалгыз эле унаа айдап жүрөм. Кечээки окуя боюнча мен унчукпай эле коёюн дегем. Бул окуя төмөнкүдөй болду: Ош базардан өткөндөн кийин ал киши менен жолумду кесип чыкты. Мен капталга өтүп, “Ай акшыңдабай эле айдасаң болот го” деп айтсам, мени сөгүп салды. Анын унаасын сүрөткө тартсам, “Сен эмнеге сүрөткө тартып жатасың?”,- деп оозго алгыс сөздөр менен сөгүп жиберди. Мен ага деле көңүл бурган жокмун», — деген Момбеков.

Анын айтымында, айдоочу анын унаасын кууп жетип, депутаттын алдына келип токтогон. Унаадан түшүп келип, Момбековго кол салып, ачык турган терезеден бир нече ирет чаап жиберген.

«Ошол жердегилердин бардыгы көрдү. Артымда турган унаадан орус киши түшүп келип, айдоочуну унаасына отургузса болбой жулунуп, арессивдүү мамиле кылды. Бир аз жүргөндөн кийин кайра токтотту, түшүп сүйлөшсөм “Сен мени отругузам деп ойлоп жатасыңбы. Чыгып келгенден кийин сага жашоо бербейм” деп коркута баштады», — деп андан ары кошумчалаган депутат.

Андан  соң ал ИИМдин башчысы Улан Ниязбековго телефон чалып, милиционерлерди жөнөтүүнү суранган. Алар келип, Момбеков менен чырдашкан айдоочуну алып кетишкен.

Ошол эле учурда “Ким сабап салганын билбейм. Эгерде сабап салса ошолор (милиционерлер) сабап салды да”,- деген.

Бирок Момбеков конфликттин бардыгы шайлоо алдында аны каралоо үчүн атайын пландалган деп эсептейт. Эмнеси болсо да бул окуя бир аз шайлоо жыттангансып туру...

 

Булак: “Майдан. kg” гезити