Кечээ, 31-август, Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата ар кайсы тармактын эмгеги сиңген өкүлдөрү президент Садыр Жапаровдун буйругу менен сыйлык - наамдарды алышты.
Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрынын коюучу-режиссеру Нурлан Абдыкадыров, ырчылар Динара Акулова, Исрадин Аманбаев, БекБорбиев, Валентина Анникова, Валентина Гилка, Шакен Жоробеков, Айчүрөк Иманалиева, Эсенбек Мааданбеков, Абдырасул Маматкуловго ыйгарылды.