Печать
Категория: Коом
Просмотров: 217

Президент кол койгон “Жер тилкелерин (трансформация) которуу жөнүндө” мыйзамы күчүнө киргенден кийин он миңдеген жарандардын, үй-бүлөлөрдүн жашоолору жеңилдеп, түйшүктөрү азайганы турат.

Анткени, өлкөбүз эгемендикке ээ болгондон  бери ар кандай жолдор менен жер тилкелери алынып, ал жерлерге турак-жайлар салынып, анда көптөгөндөр жашап,  өз тириликтерин кылып келишет. Бирок ал жерлерге, салынган үйлөргө мыйзамдуулукту тастыктаган  эч кандай документтер жок болгондуктан, жарандар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалана албай келишкен. Маселен, каттоого туруу, үйгө электр жарыгын киргизүү, шайлоого катышуу, мамлекеттик органдардан маалымкаттарды алуу сыяктуу нерселерден куржалак калышчу. Эми аталган мыйзамдын күчүнө кирүүсү менен 11 миң 300 үй-бүлөнүн күндөлүк турмуштарында кезигишчү көйгөйлөрү чечилип, көпчүлүк ээ болгон укуктарга ээ боло алышат.

Белгилүү болгондой, мыйзамдын негизинде 1712 гектар жер тилкелери мыйзамдаштырылганы турат. Ал жерлер Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн райондорунда, Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан. 

Булак: “Майдан. kg” гезити