Эгер эсиңиздерде болсо, быйыл өлкөбүздүн башкы шаарлары болгон Бишкек, Ош жана Токмок шаарларынын кеңештерине эки ирет шайлоо болду. Анын себеби – шайлоонун таза эмес, добуштарды сатып алуу менен ыплас өткөндүгү. Балакеттин баары айланып келип, мэрлик кызматка такалат. Анткени, шаар башчыларын шаардык кеңештин депутаттары шайлашат. Бирок мамлекет башчыбыз кадр саясатында тактикалык жүрүш жасап, ротациялоо жолу менен Бишкекке түштүктүк, буга чейин Ош шаарынын мэри болуп иштеп келген Таалайбек Сарыбашовду, ал эми анын ордуна түндүктүк, Балыкчы шаарынын мэрлигин аткарып жаткан Алмазбек Мамбетовду дайындаган болчу.
Тилекке каршы Ошко дайындалган мэр тынч эле иштеген менен Бишкектин калаа башчылык милдетин аткарып жаткан Т.Сарыбашовдун тегерегинде ар кандай интригалар күчөп кетти. Айрыкча социалдык тармактарда иштегенине эки күн боло элек мэрдин милдетин аткаруучуну ар кандай кемчиликтер үчүн айыптап, шаардын таштанды челектериндеги толтура таштандылардын сүрөтүн чыгарып жатышты.
Ким билет, ушул трайбализм жана ашкере сын пикирлер себеп болдубу же башка жагдайдан уламбы, айтор Т.Сарыбашов “тойдум байдын кызына” дегенсип, бир апта иштебей жатып, өткөн бейшемби күнү Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарууну өз каалоосу менен өткөрүп бергендигин социалдык тармактар аркылуу жарыялады.
Ал билдирүүсүндө, ишеним көрөткөнү үчүн өлкө башчысы Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирерин жана кызматтан кетүүсүндө эч кандай саясат жок экенин айткан.
Ошондой эле, айрым себептерге байланыштуу жеке өзү кызматтан кетүүгө чечим кабыл алганын жана алдыда жакшы максаттары бар экенин кошумчалаган.
Бир чети Т.Сарыбашов мындай кадамга баруу менен өзүнө саясый упай топтоп алды. Эгер мэр катары иштегенде, түмөн түйшүгү көп борбор калаанын көйгөйлөрүн чече алмак эмес. Бир жагынан жогоруда айтылган социалдык тармактардагы бекерчи сынчылар таштандылардын жана башка кемчиликтердин сүрөтүн жарыялап жүдөтүшмөк.
Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Т.Сарыбашов ушул саясый упайы жана күүсү менен күзүндө боло турган чоң казатка – Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышмакчы...
Булак: “Майдан. kg” гезити