Коронавирустан улам жарыяланган карантинге байланыштуу студенттер менен мектеп окуучулары дээрлик эки жылдан бери онлайн форматта окуп келатышат. Бирок билим берүүнүн мындай ыкмасы балдарыбызды психологиялык гана дискомфортко алып келбестен, алардын билим алуусунун сапатына да терс таасирин тийгизүүдө
Ошондуктан, быйыл Министрлер кабинети окууну офлайн форматта баштоого аракет кылууда. Бирок билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталмакчы. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов кол койду.
Окуу жылынын башталышын 15 күнгө жылдыруу чечими билим берүүнүн сапатын камсыздоо үчүн өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга ылайык офлайн режиминде билим алууга акырындык менен өтүү максатында кабыл алынды.
Билим берүү жана илим министрлиги белгилегендей, билим берүү процессин салттуу окутууну кайра баштоодо коомдук саламаттыкты сактоо маселелери, мындай форматтын пайдасы жана тобокелчилиги жана башка факторлору эске алынышы керек.
Учурда билим берүүнүн бардык баскычтарындагы билим берүү мекемелеринде кенже жана техникалык персоналды кошкондо 152 миң 827 кызматкер эмгектенет. Ошол эле учурда, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылдын 12-августуна карата 56 миң 114 кызматкерге COVID-19га каршы 1 дозадан кем эмес эмдөө жүргүзүлгөн, бул 36,7%ды түзөт. Жамааттык иммунитетти түзүү үчүн кызматкерлердин 70%дан кем эмес эмдөө керек, башкача айтканда, өлкөдөгү 52 миңден кем эмес билим берүү кызматкерлери эмдөөдөн өтүү абзел.
Билим берүүнүн бардык баскычтарындагы билим берүү мекемелеринде окуу жылынын башталышын кийинкиге жылдыруу жайкы туристтик сезондун узартылышына да салым кошот, бул туризм секторун калыбына келтирүүгө жана андан ары өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет.
Булак: “Майдан. kg” гезити