Каракол шаарында маньяк пайда болду деген маалымат тароодо. 28-октябрда моюнуна бычак сайылып, моюнунун бир жак тарабы кесилген аялдын, 6-ноябрда болсо шаардык аэропорттун аймагында башы кесилген аялдын денеси табылган.
Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат катчысы Руслан Балапанов маньяк пайда болгону тууралуу маалыматты четке кагууда. Анын “Азаттыкка” айтымында, эки кылмыш бири-бири менен байланышы жок. Эки аял тең спирттик ичимдиктерди көп ичкендер катары таанымал болушчу. Аларды издеп эч ким милицияга кайрылган эмес.
Булак: “Азаттык” үналгысы