Печать
Категория: Коом
Просмотров: 131

Ушул жылдын 1-августунан тартып Россияда жашап, иштөөнү каалаган эмгек мигранттары үчүн экзамендерди тапшыруунун жаңы эрежелери күчүнө кирди. Эми мындан ары Россия жергесинде иштөөгө уруксат алуунун каалаган мигранттар орус тилинен, орус тарыхынан жана Россиянын мыйзамдарынын негиздери боюнча экзамендерди жаңы жоболорго, тартиптерге ылайык тапшыра башташат.

Атап айта турган болсок, орус тилинен экзамен оозеки жана жазуу түрүндө алынса, Россиянын тарыхы менен мыйзамдарынын негиздеринен экзамендер жазуу түрүндө тесттик формада алынат. Экзамендерди алууда компьютердик жана дистанциялык технологиялар колдонулат. Экзамендерди чет өлкө жарандары менен жарандыгы жоктор иштөөгө уруксат же патент алуу, убактылуу жашап турууга жана туруктуу жашаганга уруксат алуу үчүн тапшырууга милдеттүү.

Булак: “Майдан. kg” гезити